АКШдан «Турна мисали» тасмасына эки сыйлык

«Турна мисали» тасмасы быйыл 13-ирет Нью-Йорк шаарында өткөрүлгөн IFFNY фестивалында «Эң мыкты толук метраждуу тасма» жана «Эң мыкты оператордук иш» номинацияларында эки сыйлыкка ээ болду.

2136396
АКШдан «Турна мисали» тасмасына эки сыйлык

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк штатында өткөрүлгөн Нью-Йорк Эл аралык кинорежиссерлор фестивалында (IFFNY) йөрүктөрдүн (көчмөндөр) жашоосун баяндаган түрк фильми «Турна мисали» эки сыйлыкка татыктуу деп табылды.

Иффет Эрен Данышман Боз режиссерлугун кылган жана İEDB Filmдин атынан Эйюп Боз продюсерлик кылган «Турна мисали» тасмасы быйыл 13-ирет Нью-Йорк шаарында өткөрүлгөн IFFNY фестивалында «Эң мыкты толук метраждуу тасма» жана «Эң мыкты оператордук иш» номинацияларында эки сыйлыкка ээ болду.

Үч күнгө созулган фестивалдын ачылыш тасмасы катары да Сарыкечили йөрүктөрүнөн келген Аксак үй-бүлөсүнүн көчүп жүрүү менен отурукташуунун ортосундагы пикир келишпестиктин тегерегиндеги окуясын баяндаган «Турна мисали» тандалды.

Өндүрүшү 2021-жылы башталган түрк фильминин дүйнөлүк бет ачары 34-Токио кинофестивалында болуп, көптөгөн жергиликтүү жана чет элдик фестивалдардан сыйлыктарды алган.

«Турна мисали» буга чейин Нартуган кинофестивалында «Мыкты тасма» (2023), Эл аралык Аял режиссерлор фестивалында «Калыстар тобунун атайын сыйлыгы» (2023) жана Анкоридж эл аралык кинофестивалында «Маданият алмашуунун энеси» (2022)  сыяктуу 10го жакын кинофестивал сыйлыктарына ээ болгон.



Тектеш кабарлар