Loreena Mckennitt Түркияда 3 концерт берет

Канадалык музыкант МакКеннитт түрк күйөрмандары үчүн өзгөчө ырларын жана быйыл чыгарган «The Road Back Home» альбомун Pasion Turca уюштурган концерттеринде аткарат.

2136079
Loreena Mckennitt Түркияда 3 концерт берет

Лорин МакКеннитт дүйнөлүк гастролунун Түркия этабында Измир, Анкара жана Стамбулда концерт берет.

Темага байланыштуу билдирүүгө караганда, 30 жылдан ашкан карьерасында «Эклектик Селтик» музыкасы менен дүйнө жүзү боюнча 20 миллионго жакын альбом саткан өнөрпоз, 30-июнда Измир Күлтүрпарк Ататүрк ачык асман театрында, 1-июлда Анкара Атылым университетинин Атылым сахнасында, 2-июлда болсо Харбийе Жемил Топузлу ачык асман театрында күйөрмандар менен жолугушат.

Канадалык музыкант МакКеннитт, Pasion Turca уюштурган концерттеринде түрк күйөрмандары үчүн өзгөчө ырларын жана быйыл чыгарган «The Road Back Home» альбомун аткарат.



Тектеш кабарлар