ТРТнын 60 жылдык мааракесине карата атайын даярдалган веб-сайт ачылды
Сайтта улуттук жана эл аралык берүүлөр, санариптик тиркемелер, көрүү рекорддорун жаңырткан чыгарылыштар жана билим берүү тармагындагы долбоорлор орун алууда.
ТРТнын 60 жылдык мааракесине карата атайын даярдалган «trt60yasinda.com» сайты иштей баштады.
ТРТнын билдирүүсүнө караганда, ТРТнын 60 жылдык берүү тажрыйбасындагы жетишкендиктерди камтыган сайтта улуттук жана эл аралык берүүлөр, санариптик тиркемелер, көрүү рекорддорун жаңырткан чыгарылыштар жана билим берүү тармагындагы долбоорлор орун алууда.
Сайтта ошондой эле Түркиянын унутулгус үндөрү, жүздөрү жана эсте каларлык чыгарылыштар да бар.
ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы интернет сайтына байланыштуу X аккаунтундагы билдирүүсүндө: «Эс тутумдан шыктанып келекке сыймыктануу менен карайбыз. ТРТ 60 жылдыгында өзгөрүп, өсүп, күчтөнүүдө. 60 жылдык мааракеге арналган атайын сайтыбыз иштей баштады»,- деди.
Тектеш кабарлар
Стамбул музыка фестивалы башталды
Фестивалдын алкагында 12-июнга чейин 17 жерде 25 концерт өткөрүлөт.