Фредди Меркьюринин фартепианосу сатылды

Меркьюри  1991 - жылы көз жумганга чейин Британиянын  борбору Лондондогу үйүн  жүздөгөн жеке буюмдары менен жакын досу Мэри Остинге калтырган.

2034422
Фредди Меркьюринин фартепианосу сатылды

Дүйнөгө белгилүү Queen рок тобунун солисти Фредди Меркьюринин белгилүү "Богемиялык рапсодия" ырын жараткан фортепианосу аукциондо болжол менен 2,2 миллион долларга сатылды.

Меркьюри  1991 - жылы көз жумганга чейин Британиянын  борбору Лондондогу үйүн  жүздөгөн жеке буюмдары менен жакын досу Мэри Остинге калтырган. 

Остин өнөрпоздун  1500гө жакын баалуу буюмдарын камтыган жеке коллекциясын Sotheby's аукцион үйү аркылуу аукционго чыгарды. 

Меркьюри 1975 - жылы сатып алган жана 'Killer Queen' жана 'Bohemian Rhapsody' сыяктуу ырларды жазган фортепиано  аукциондо 2,2 миллион долларга сатылды.

Аукциондо орун алган  «Богемиялык рапсодиянын» кол жазмасы да болжол менен 1,7 миллион долларга сатылды.

Чыныгы аты Фаррох Булсара Фредди Меркьюри 1946 - жылы Инди океанынын батыш жээгиндеги  Занзибар аралында төрөлгөн.



Тектеш кабарлар