Швейцарияда 3-Түрк маданият фестивалы өтүп жатат

Фестивалга катышкан Түркиянын Цюрихтеги башкы консулу Хасан Эмре Уйгун иш-чарага өткөн жылы 30 миң киши катышканын, быйыл бул сандын 40 миңден ашарын билдирди.

1991771
Швейцарияда 3-Түрк маданият фестивалы өтүп жатат

Швейцариянын Цюрих шаарында быйыл үчүнчү жолу өткөрүлгөн Түрк маданияты фестивалына өлкөдө жашаган түрктөр чоң кызыгуу көрсөтүүдө.

Швейцариядагы Түрк Диянет фонду тарабынан Цюрихтин Дильсдорф аймагында уюштурулган фестивалдын биринчи күнүндө Мехтеран көрсөтүүсү, Хачиват жана Карагөз оюну, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар төрагалыгынын (YTB) салымдары менен ТРТ Баланын популярдуу телесериалы «Рафадан Тайфа» көрсөтүүсү жана элдик бий көрсөтүүлөрү менен келген коноктор жагымдуу убакыт өткөрүштү.

Фестивалга катышкан Түркиянын Цюрихтеги башкы консулу Хасан Эмре Уйгун иш-чарага өткөн жылы 30 миң киши катышканын, быйыл бул сандын 40 миңден ашарын билдирди.

Фестиваль эртең боло турган иш-чаралар менен жыйынтыкталат.



Тектеш кабарлар