Дүйнөгө таанымал өнөрпоздор Рамазан айына карата өз билдирүүлөрүн бөлүштү

Өнөрпоздор Рамазан айынан улам жакшы калоо-тилектерин айтышты.

1964533
Дүйнөгө таанымал өнөрпоздор Рамазан айына карата өз билдирүүлөрүн бөлүштү

Дүйнөгө таанымал өнөрпоздор жеке социалдык медиа баракчаларынан Рамазан айына карата өз билдирүүлөрүн бөлүштү.

Британиялык ырчы Юсуф Ислам 2018-жылы Instagram баракчасынан жарыялаган "Рамазан айы" аттуу ыры менен Рамазан айынын маанисин түшүндүргөн маалыматтарга орун берди.

Ливан тектүү шведциялык R&B ырчысы Махер Заин Инстаграмдагы билдирүүсүндө, Рамазан айынын бүткүл адамзатка берекелүү болушун каалап, мындай деди:

«Келгиле, бул куттуу күндөрдү Аллах менен жакшыраак байланыш куруу үчүн эң жакшы түрдө пайдаланалы. Рамазан айы тынчтык, бакубат жана береке алып келсин».

Британиялык өнөрпоз Сами Юсуф Инстаграмда Рамазан айына карата каалоо-тилектерин камтыган видеосун бөлүшүп, «Баарыңыздарга сүйүү, бакыт жана бакубатчылык каалайм»,-деди.

Америкалык модель Белла Хадид өзүнүн Instagram баракчасынан Рамазан айына карата иллюстрацияга орун берип: «Баарыңыздарды Рамазан айы менен куттуктайм. Сиздерге тынчтык ай каалайм»,-деди.

Рэп ырчысы DJ Khaled социалдык тармактын колдонуучусу тарабынан өзүнө байланыштуу бөлүшкөн кызыктуу видеону постуна кошуп: «Рамазан айыңыздар маарек болсун», деп жазды.

SZA деген ат менен белгилүү болгон америкалык ырчы Солана Имани Роу да Белла Хадиддин "Рамазан куттуу болсун" деген постунан үзүндү келтирип, Instagram баракчасына бөлүштү.

Хадид бир туугандардан Алана Хадид менен атасы Мохамед Хадид, палестиналык кинооператор Омар Раммал жана бошнак тектүү австралиялык актёр Решад Стрик да Рамазан айы тууралуу социалдык медиадан өз билдирүүсүн бөлүштү.



Тектеш кабарлар