Дүйнө жүзү боюнча жарык бир саатка өчүрүлөт

Бул тууралуу Иш дүйнөсү жана Туруктуу өнүгүү ассоциациясынын (SKD Түркия) башкаруу кеңешинин төрагасы Эбру Дилдар Эдин билдирди.

1964196
Дүйнө жүзү боюнча жарык бир саатка өчүрүлөт

Түркияда быйылкы «Жер сааты» иш-чарасында 6-февралда очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдө каза болгондор үчүн жарыктар өчүрүлөт.

Бүткүл Дүйнөлүк Жаратылышты коргоо фондунун жыл сайын март айынын акыркы ишембисинде жаратылыш аймактарынын жана түрлөрүнүн жок болуп кетишине жана климаттык кризиске көңүл буруу үчүн дүйнөлүк коомдук пикирди чакырган глобалдык иш-чара «Жер сааты» быйыл дүйнө жүзү боюнча 25-март ишемби күнү саат 20.30-21.30 арасында өтөт.

Дүйнө жүзү боюнча жарык бир саатка өчүрүлөт.

Иш дүйнөсү жана Туруктуу өнүгүү ассоциациясынын (SKD Түркия) башкаруу кеңешинин төрагасы Эбру Дилдар Эдин Түркияда жер титирөөдө каза болгондор эскериле турган «Жер сааты» иш-чарасына байланыштуу билдирүү жасап, 2007-жылдан бери бүткүл дүйнөдө өткөрүлүп келе жаткан «Жер сааты» иш-чарасы климаттык кризиске жана жаратылыштын бузулушуна көңүл буруу экенин айтты.

Эдин Түркияда быйыл 6-февралдагы Жер сааты иш-чарасында очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөдө каза болгондор үчүн жарыктардын өчүрүлө турганын белгилеп, апаат аймагын туруктуу кайра куруунун маанилүүлүгүнө көңүлдөрдү бурду.

Кырсык болгон аймактагы адамдарга ишенимдүү келечекти берүүнүн кийинки приоритет экенин белгилеген Эдин, таза сууга жана коопсуз тамак-ашка жетүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл буруп, жер титирөөнүн кыйратуучу таасиринен кийин аймак дуушар болгон кургакчылыктын да олуттуу көйгөй экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар