Queen рок тобунун мурдагы гитаристи Брайан Мэй "Сэр" титулун алды

Дүйнөгө белгилүү Queen рок тобунун мурдагы гитаристи Брайан Мэйге Британиянын королу Чарльз III "Сэр" титулун ыйгарды.

1960096
Queen рок тобунун мурдагы гитаристи Брайан Мэй "Сэр" титулун алды

Дүйнөгө белгилүү Queen рок тобунун мурдагы гитаристи Брайан Мэйге Британиянын королу Чарльз III "Сэр" титулун ыйгарды.

Queenдин Твиттер баракчасынан берилген маалыматта Британиянын королу Чарльз IIIтүн Мэйди рыцарь деп жарыялаган фтография да орун алды.

Берилген маалыматта : «Брайандын рыцарлык наамын алуу аземи бүгүн Букингем сарайында өттү. Рыцарлык наамды Улуу Даражалуу Король Чарльз тапшырды. Сэр Брайанды куттуктайбыз!" – деп айтылды.

Музыкалык карьерасын 1968-жылы өзү негиздеген Smile тобу менен баштаган Мэй 1970-жылы Рожер Тейлор жана Фредди Меркьюри менен бирге Queen тобун негиздеген.

Queen активдүү болгон жылдарда, 1983-жылдан бери жеке чыгармачылык менен алектенген атактуу гитарист 2004-жылы Меркуринин өлүмүнөн кийин топту Пол Роджерс менен бириктирип, дүйнөлүк турнеге чыккан.

Брайан Мэй 6-февралда Кахраманмарашта болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөдөн кийин Британиядагы  Өзгөчө кырдаалдар комитети (DEC) тарабынан Түркия жана Сирия үчүн башталган жардам кампаниясына кайрымдуулук кылган.



Тектеш кабарлар