Физикалык көнүгүү ар бир 10 өлүмдүн биринин алдын алат

Кембридж университетинин изилдөөсүнүн жыйынтыктары British Journal of Sports Medicine илимий журналында жарыяланды.

1953519
Физикалык көнүгүү ар бир 10 өлүмдүн биринин алдын алат

Улуу Британиянын изилдөөсү көрсөткөндөй, тез басуу, велосипед тебүү, бийлөө, сейилдөө же теннис ойноо сыяктуу күнүнө 11 мүнөттүк физикалык көнүгүү ар бир 10 өлүмдүн биринин алдын алат.

Кембридж университетинин изилдөөсүнүн жыйынтыктары British Journal of Sports Medicine илимий журналында жарыяланды.

Изилдөөнүн алкагында бул жаатта жүргүзүлгөн мурунку жүздөгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары бааланды.

Улуу Британиянын Улуттук саламаттык сактоо системасы NHS сергек жашоо үчүн жумасына 150-300 мүнөттүк жүрөктүн кагышын жогорулаткан же 75-150 мүнөттүк күйүккүчө көнүгүү жасоону сунуштайт.

Окумуштуулардын айтымында, сунуш кылынган дозанын жарымы да жүрөк-кан тамыр ооруларынын ар бир 20 учурунун биринин жана рактын ар бир 30 учурунун алдын ала алат.

Изилдөөнү жетектеген доктор Сорен Браж: «Сиз кыймылдап жатканыңызды сезишиңиз керек. Күйүкпөсөңүз дагы, жүрөгүңүз тезирээк согушу керек», - дейт.

Изилдөөлөргө ылайык, мындай кылуу жүрөк оорулары менен инсульттун рискин 17 пайызга, рак оорусунун рискин 7 пайызга азайтышы мүмкүн.

Үзгүлтүксүз көнүгүү дененин майын азайтат, адамдардын чың болушуна жардам берет, уйку режимин жана жүрөктүн ден соолугуна салым кошот.



Тектеш кабарлар