Өнөрпоздор жана жазуучулар «Charlie Hebdo» журналына каршылык көрсөтүштү

6-февралда Кахраманмарашта болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдү «Түркияда жер титирөө болду. Танкаларды жөнөтүүнүн кереги жок»,деген макаласы менен бөлүшкөн журналга социалдык медиа эсептеринен каршылык көрсөтүүлөр жамгырдай жаады.

1944050
Өнөрпоздор жана жазуучулар «Charlie Hebdo» журналына каршылык көрсөтүштү

Франциянын жумалык юмор журналы Charlie Hebdo тарабынан Түркиядагы жер титирөө апаатын чагылдырган карикатурага Түркиядан жана чет өлкөдөн көптөгөн жазуучу жана өнөрпоз реакция жасады.

6-февралда Кахраманмарашта болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдү «Түркияда жер титирөө болду. Танкаларды жөнөтүүнүн кереги жок»,деген макаласы менен бөлүшкөн журналга социалдык медиа эсептеринен каршылык көрсөтүүлөр жамгырдай жаады.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын: «Заманбап варварлар! Кек жана жек көрүүчүлүккө батып кеткиле»,-деди. Улуттук билим берүү министри Махмут Өзер: «Мындай сөздүн басаң үн менен Франциядан дүйнөгө өтүшү жер титирөө боюнча мотивациябызды 10 эсеге жогорулатат»,-деди.

Акын жана алып баруучу Дурсун Али Эрзинжанлы Босния-Герцеговинанын президенттик кеңешинин мурдагы төрагасы, маркум Алия Иззетбогевичтин, «Муну унутпа, уулум, Батыш эч качан цивилизациялуу болгон эмес жана бүгүнкү гүлдөп-өсүү анын уланып жаткан колониализмине, анын төккөн каны, көз жашы жана тарттырган азабына негизделген»,деген сөзү менен бөлүштү.

Актёр жана ырчы Мурат Боз журналга французча берген жообунда жер титирөөдө бейкүнөө адамдардын, балдардын жана ымыркайлардын өмүрүнөн ажыраганын баса белгилеп, бул азапты тамашага салууга чоң реакция көрсөттү.

Режиссёр, сценарист, ырчы жана актёр Махсун Кырмызыгүл: «Адамкерчилик чындап өлдү»,-десе, актриса Демет Өздемир комментарий берип жатып: «Бул тамашабы? Таш боорлор»,-деп реакциясын билдирди.

Режиссер Үмит Үнал: «Бул юмор эмес, келесоолук, жамандык»,- деп бөлүштү.

Грецияда төрөлгөн британиялык мусулман изилдөөчү Хамза Андреас Цортцис да карикатурага реакция кылып: «Бул секулярдык Франциядагы цивилизациянын өлүмүнүн мисалы»,-деди.

Америкалык жазуучу Омар Сулейман: «Кандай жийиркеничтүү басылма»,-деп өз сөзүндө реакциясын билдирди.

Текебер постко реакция кылгандардын арасында жаратылыш фотосүрөтчүсү Алпер Түйдеш, Феттах Жан, Дамла Сөнмез, Озан Акбаба, Али Форм, Суна Йылдызоглу жана Исмаил Баки Тунжер да бар эле.



Тектеш кабарлар