Салттуу Ахлат таш устачылыгы ЮНЕСКО тизмесинде
Ушундайча ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине катталган Түркиянын маданий баалуулуктарынын саны 22ге жетти.
Салттуу Ахлат таш устачылыгы ЮНЕСКОнун (Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият боюнча уюму) материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилди.
Маданият жана туризм министрлигинен берилген маалыматка караганда, Түркиянын маданий элементтеринин бири материалдык эмес дүйнөлүк мурас катары коргоого алынды.
Материалдык жана материалдык эмес мурастарды коргоонун эң мыкты үлгүлөрүнүн бири болгон салттуу Ахлат таш устачылыгы быйыл Марокконун борбору Рабатта өткөрүлгөн 17-Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин жыйынында бааланып, ЮНЕСКОнун шашылыш коргоону талап кылган материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилди.
Ушундайча ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине катталган Түркиянын маданий баалуулуктарынын саны 22ге жетти.
Мындан тышкары, ошол эле жыйында чай маданияты, Насреддин Хожа анекдотторун айтуу салты, жибек куртун өстүрүү жана салттуу жибек өндүрүшүнө баа берилет.
Түркия маданий мурастар тизмесине эң көп катталган 4 өлкөнүн арасында.
Тектеш кабарлар
"12 Punto 2024" финалисттери белгилүү болду
Быйыл 100дөн ашуун көркөм фильм долбоору катышкан иш-чара 7-14-июль күндөрүнүн аралыгында өткөрүлөт.