Анкаранын Гөлбашы районунда Ордо оюнунун турнири өттү

Ордо оюнунун турнири Кыргыз түрктөрүнүн маданият жана тилектештик коому тарабынан уюштурулду.

1711262
Анкаранын Гөлбашы районунда Ордо оюнунун турнири өттү
AŞIK ATMA TURNUVASI VE KÜLTÜR PROGRAMI 37.jpg
AŞIK ATMA TURNUVASI VE KÜLTÜR PROGRAMI 32.jpg
AŞIK ATMA TURNUVASI VE KÜLTÜR PROGRAMI 1.jpg
AŞIK ATMA TURNUVASI VE KÜLTÜR PROGRAMI 4.jpg

Кыргыз түрктөрүнүн маданият жана тилектештик коому тарабынан Кыргыз Республикасынын Түркиядагы ардактуу консулу, маркум доктор Мустафа Куртка арналган «Ордо оюну турнири, маданий иш -чаралар жана концерттик программа» болуп өттү.

Эң оболу Ордо оюнунун финалдык беттешүүсү протокол тобунун томпой менен чүкө атып көрүүсү менен башталды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин кеңешчиси Айбек Акаев, Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу, маркум доктор Мустафа Курттун жубайы, уулу Атиллахан Курт менен Мустафа Курттун үй-бүлөсү, Кыргыз түрктөрүнүн маданият жана тилектештик коомунун төрагасы Абдүлметин Кескин, Гөлбашы муниципалитетинин башчысынын орун басары Огуз Каган Танрыверди, Улуттук кыймыл партиясынын Гөлбашы муниципалитетиндеги кеңештин мүчөсү Саваш Мүлазымоглу, Улуттук кыймыл партиясынын облустук башчысынын орун басары Эрсин Пехливан, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Гөлбашы райондук башчысы Селим Акжейлан, Эймир мааласынын айыл башчысы Арзу дервишоглу, Шафак мааласынын айыл башчысы Жихат Жейлан, Дижле университетинин окутуучусу Абдүлмуккадес Кутлу, бир канча университеттердин окутуучулары, коомдук уюмдар жана массалык маалымат  каражаттарынын мүчөлөрү катышты.

Эки өлкөнүн Улуттук гимндери ойнолуп, курандан үзүндү айтылып, маркум Мустафа Курттун өмүр баяны окулду жана саламдашуу сөз сүйлөөлөрү болду.

Аянтка кыргыздын боз үйү тигилип, ошол эле аянтта кол өнөрчүлүк буюм тайымдары көргөзмөгө коюлду.

Кыз-кыркындар кыргыздын улуттук кийимдерин кийинишип, эл алдынан өтүп таанытышты.

Кыргызстандан келген ыр-чеберлери өнөрлөрүн тартуулашып калың элдин жарпын жазды.

Ошондой эле гази Али Тимур түрк аспабы сазды чертип көргөндөрдүн сүймөнчүгүнө ээ болду.

Андан соң Ордо оюнунун жеңүүчүлөрүнө, иш-чаранын уюштуруучуларына жана конокторго сыйлыктар жана белектер тапшырылды.

Иш-чаранын соңунда коноктор боз үйгө чакырылып, кыргыздын түрдүү тамактарынан даам ооз тийишти.



Тектеш кабарлар