Китептер баяны-11/2016

«Султан Абдүлхамид II жана анын доору боюнча семинар (27-29-май 1992-жыл)» аттуу китеп.

510983
Китептер баяны-11/2016

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында «Султан Абдүлхамид II жана анын доору боюнча семинар (27-29-май 1992-жыл)» деген китепти  барактап чыгабыз. Бул китеп 1994-жылы Стамбул университетинин Адабият факультетине караштуу Тарых изилдөө борбору тарабынан басылып чыккан. Китеп 232 беттен турат.

                                  Аты аталган китепте «Абдүлхамид II жана анын доору» аттуу семинарда окулган 16 доклад менен семинардын анализи берилген.

                                    

      Кадырлуу китепкөйлөр, «Султан Абдүлхамид II жана анын доору боюнча семинар (27-29-май 1992-жыл)» деген китепте Осмон тышкы саясаты боюнча «Абдүлхамид IIнин ири мамлекеттерге каршы жүргүзгөн саясатынын негиздери» аттуу маанилүү доклад бар. Бул доклад түрк илимпоз Эржүмент Куранга таандык. Эржүмент Курандын докладындагы кызыктуу маалыматтарды азыр сиздер менен бөлүшөбүз:

                                  Султан Абдүлхамид IIнин тышкы саясаты ири мамлекеттердин бири-бири менен теӊ тайлашуусунан пайдалануу принцибине таянган. Англия менен Франциянын Европа жана Жакынкы Чыгыштагы кызыкчылыктары Россиянын кызыкчылыктары менен дал келген эмес. Бул абалды Султан Абдүлхамид Осмон дөөлөтүнүн пайдасына колдонгон. 1890-жылы Бисмарк бийликтен кеткенден кийин Осмон падышасы Император Вильгельм II менен жеке достук мамиле түзүп, ири мамлекеттерге каршы иш-аракеттерде Германиядан колдоо көрүп турган.

                                   Абдүлхамид саясаттагы шыгын «армян маселесинде» даана көргөзө алган. Армяндар Чыгыш Анадолуда эгемен мамлекет түзүүнү кыялданышкан. Алар ушул кыялдарын ишке ашыруу үчүн 1877-жылдагы Осмон-орус согушу башталаар алдында ар түрдүү иш-аракеттерди жасай башташкан. Армян козголоӊчулары 1877-жылы Женевада «Хинчак» жана 1890-жылы Тбилисиде «Дашнак» уюмдарын түзүшкөн. Хинчактар 1890-жылдардын баш ченинде Чыгыш Анадолуда террордук актыларды жасай башташкан. Бирок Осмон падышасы Абдүлхамиддин күрт урууларынан кураган «Хамидийе» аскердик бөлүктөрү козголоӊду басууга жетишкен. Хинчактар 1894-жылдын август айында Сасун аймагындагы мусулман айылдарды өрттөп кыйратышкан. Буга каршы мамлекеттин куралдуу күчтөрү тиешелүү чараларды көрүшкөн. Бул окуялар армяндардын түрктөргө каршы Европада кара пиар жасашына себеп болгон. Армяндар басма сөз аркылуу 25 айылынын жок кылынып, 20 миӊ армяндын өлтүрүлгөндүгү тууралуу жалган кабарды таратышкан. Султан Абдүлхамид аралаш комиссия түзүп, армяндардын кыргынга учурабагандыгын далилдеп, ири мамлекеттердин өлкөнүн ич иштерине кийлигишүүсүнө жол берген эмес. Армяндар жөн жатпай 1895-жылдын 30-сентябрында Стамбулда кансарайга жүрүш жасашкан. Хинчактар Осмондун коопсуздук күчтөрүнө каршы курал колдонушкан жана кагылышууларда кан төгүлгөн. Падыша өзгөчө кырдаал абалын киргизип,  кырдаалды жөнгө салган. Буга карабастан армяндар провакацияларын уланта беришкен. 1896-жылы дашнактар Ванда козголоӊ чыгарышкан жана Стамбулда “Осмон банкы”ны басып алышкан. Султан Абдүлхамид II кызуу кандуулукка алдырбай бул оор абалдан чыккан.

Кыскачасын айтканда, Султан Абдүлхамид II акылдуу жана сабырдуу           саясат жүргүзүү аркылуу Осмон дөөлөтүн отуз жылдан ашуун башкарып турган.          

                  Урматтуу китеп күйөрмандары, «Султан Абдүлхамид II жана анын доору боюнча семинар (27-29-май 1992-жыл)» китебинде «Султан Абдүлхамид IIнин халифаттык боюнча түшүнүгү» аттуу доклад берилген. Түрк илимпозу Жезми Эрасландын  бул докладында Султан Абдүлхамиддин халифалык титулду тышкы саясатта кандай колдонгондугу тууралуу кызыктуу маалыматтар бар. Азыр бул маалыматтардын бир бөлүгүн сиздерге баяндап беребиз:

                                 Султан Абдүлхамид доорунда «исламчыл саясат» жүргүзүлө баштаган. «Исламчыл саясат» кандай саясат эле?  «Исламчыл саясат» мамлекеттеги мусулман эмес калктарды эске алуу менен бирге саясий, экономикалык жана социалдык шарттарга ылайык исламчыл сезимдерди алдыӊкы планга чыгаруу, ислам институттарын күчтөндүрүү жана жаюуга өзгөчө маани берүү  жана ички жана сырткы саясатта ислам динине роль берүү болгон. Султан Абдүлхамид II ички жана сырткы саясатта халифалыктын аброюн колдонгон.

Дүйнөдөгү мусулмандар халифалык титулун кабылдашкан жана Осмон падышаларын халифа катары таанышкан. Ушундан улам Абдүлхамид II халифалык титулду Осмон дөөлөтүнө күч кошкон элемент деп эсептеген. Ал: «Халифат наамы бизде болгон үчүн мусулмандарды колония кылган Англия, Франция, Россия жана Голландияга каршы позициябыз күчтүү », - деген. Бул сөзү менен Абдүлхамид халифа катары мусулмандарды ыйык жихадга чакыра алаарын көңүлгө салган. Англия, Франция жана Россия Абдүлхамид IIнин халифалык титулун алдыӊкы планга чыгаруусунан тынчсызданышкан.

Султан Абдүлхамид халифа катары дүйнөдөгү бардык мусулмандар менен байланышта болууга аракет кылган. Ал мүмкүнчүлүгү чектелүү экендигине карабастан усулмандарга карата жасалган теңсиздик жана басмырлоолорго ар дайым каршы чыгып, мусулмандардын таламын талашкан. Мисалы, Ливерпулда ибадат кылып жаткан мусулман жамаатына кээ бир фанат англичандар кол сала башташкан. Осмон дөөлөтүнүн кийлигишүүсү аркылуу Англия өкмөтү кол салгандарга тиешелүү чараларды көргөн.

                                 Урматтуу китеп күйөрмандары, Осмон падышасы Султан Абдүлхамид IIнин мамлекеттик саясаты тууралуу тереӊ маалымат алгыӊыз келсе, анда  «Султан Абдүлхамид II жана анын доору боюнча семинар (27-29-май 1992-жыл)»  деген китепти окуп чыгууну сунуш кылабыз.

Программаны даярдагандар: Абдырасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

                    



Тектеш кабарлар