Китептер баяны-7/16

Мустафа Каранын “Дин, жашоо, искусство аспектинде текке жана үжүрөлөр” аттуу китеби.

492086
Китептер баяны-7/16

Урматтуу китеп күйөрмандары, бүгүнкү уктуруубуз үчүн китеп коллекциябыздан «Дин, жашоо, искусство аспектинде текке жана үжүрөлөр» деген китепти  тандап алдык. Бул китеп түркиялык илимпоз Мустафа Каранын калеминен жаралган. Китеп алгачкы жолу 1977-жылы «Дергах» басмаканасы тарабынан басылып чыккан. Китеп 288 беттен турат.

                                  «Дин, жашоо, искусство аспектинде текке жана үжүрөлөр» китебинде суфизмдин ислам тарыхындагы орду, мааниси жана 20-кылымдагы  абалы баяндалып, Осмон дөөлөтү доорундагы текке жана үжүрөлөр боюнча кенен маалымат берилген.

           

                                    

                 Кадырлуу китепкөйлөр,  Мустафа Каранын «Дин, жашоо, искусство аспектинде текке жана үжүрөлөр» деген китебинде Осмон дөөлөтүнүн алгачкы жылдары жана мамлекеттин кеңейишиндеги теккелердин ролу, шейх-падыша мамилелери боюнча маанилүү жана кызыктуу маалыматтар берилген. Алгач ушул маалыматтарды сиздерге кыскача айтып берели:

                                  Анадолунун түрк жана мусулман мамлекетине айланышында Кожо Ахмед Яссави дербиштери менен Хорасан эрендери маанилүү рол ойношкон. “Аллага кулдук, инсандарга адамгерчилик” принцибин карманышкан эрендер Анадолу түрктөр тарабынан каратып алынганга чейин эле бул жерлерге келишип теккелер курушкан жана булар аркылуу жергиликтүү калкты өздөрүнө тартышкан.

                                  Селчук султандары Анадолуда бир шаар же аймакты каратып алышканда алгач ал аймакка мечит, медресе жана сопу үжүрөлөрүн курушуп, соодагерлерди, дин адамдарын жана түрк урууларын жайгаштырышкан. Сопулар менен дербиштер мамлекеттин чек арасына жакын жерлерге барышып көчмөн түркмөн урууларына исламды үйрөтүп казат рухун ал аймакта жандардырууга аракет кылышкан. Алар сөздөрү менен эмес, жасаган иштери аркылуу калкка өрнөк болушкан. Убагында Атилла батышты каратканы менен анын жоокерлери убакыттын өтүшү менен жергиликтүү калкка сиңип кетишкен. 11-кылымдан тартып батышты көздөй жолго чыгышкан түркмөн уруулары болсо жихад руху аркылуу жергиликтүү калктарга сиңип кетпей бул жаңы аймакты мекен кылып жашап калышкан. Бул жоокерлерге жихад рухун ал жерлерде ачылган текке жана үжүрөлөрдөгү дербиш менен сопулар берип турушкан.

Осмон дөөлөтүнүн түзүлүшү жана күчтөнүшүндө мечит, текке жана рабаттардын ролу зор болгон. Мамлекеттин көптөгөн маанилүү мекемелеринин пайдубалын теккелерде таалим алган кишилер түптөшкөн. Осмон армиясынын руху эле эмес кийим-кечелери да ахилерден алынган. Ахилер азыркы тил менен айтканда ошол доордун өз ара уюмдашкан ишкерлери болгон. “Йеничери ожагы”нын түптөлүшүндө да тарикаттардын орду чоң болгон.

Огуз урууларынын Анадолуда ийгиликке жетишкендигинин бир башка себеби, падыша-шейх мамилелеринин жакшы болгондугунда жатат десек жарашат. Гейикли баба-Орхан бей, Йылдырым Бейазыт-Эмир Султан, Мехмет III-Акшемседдин, Ахмед I-Шейх Азиз Махмуд Худайи мамилелерини буга мисал катары көрсөтө алабыз. Ал учурда падышалар щейхтерге аябай урмат көрсөтүп турушкан. Мисалы Ахмед I Худайи менен жолдо жолукканда атынан түшүп шейхти өзүнүн атына миңгизген экен. Шейхтер  падышалардын алдынга моюн сунуп олтурушпастан падышалардын кемчиликтерин ачык айтып турушкан.

Батыштык бир изилдөөчү “Теккелер Осмон дөөлөтү доорунда калк диндин даамын алган жерлерге айланган” деп жазып калтырган. Теккелердин мындай деңгээлге көтөрүлүшү шейхтер менен башкаруучулардын тыгыз байланышы аркылуу ишке ашкан.                     

                                 

SİNYAL: 

                Урматтуу китеп күйөрмандары, эми биз Мустафа Каранын «Дин, жашоо, искусство аспектинде текке жана үжүрөлөр» деген китебиндеги Осмон дөөлөтүндөгү теккелердин ролу жана алардын өзгөчөлүктөрү туралуу кыскача баяндап бермекчибиз:

                                 Осмон дөөлөтүндө сопулар менен дербиштер бирөөлөрдөн алып эмес, тескерисинче башкаларга берип турганга аракет кылышкан. Алар жаңы аймактарга илим, ыйман жаюу үчүн жолго чыгышкан.

                                 Теккелердин кире беришине адамдарды адептүү болууга чакырган “эдеп йа ху” деген сөз жазылган. Анткени адеп ар кыл илимдин башы болгондой эле, анын ортосу жана аягы да болуп эсептелген. Каалаган кишилер теккеде үч күн мейман боло алышкан. Теккедегилер меймандарга ар дайым сылык мамиле кылышкан. Жетимдер менен кароосуз калгандарга теккелер жардам берип турушкан.

                                 Теккелер мамлекеттин алыскы аймактарынын борбордук бийликке баш ийип турушу үчүн да керек болгон. Осмон дөөлөтү башкаруучулары бул аймактарга жоокер жибергендин ордуна ал жерлерге текке, дербиш үжүрөлөрүн салышкан. Анткени текке менен дербиш үжүрөлөрү калкты тарбияга чакырып, ислам динин жайып, маселелерди чечүүдө ортомчу милдетин аткарып, борбордук бийлик менен жергиликтүү калк ортосунда мамилелердин чыңдалышына салым кошкон.

                                 Теккелер жана дербиш үжүрөлөрү психикалык ооруга чалдыккан инсандарды айыктыруу үчүн борбор катары да кызмат беришкен. Ушундан улам Түркиянын Афйон облусундагы текке жана анын шейхи тууралуу “Каража Ахмет улуу олуя, акылдуу болот келген жинде” деген сөз эл арасында айтылып калган.

Кыскача текке жана дербиш үжүрөлөрү ошол доордун мектеби, ооруканасы, спорттук жана маданий борбору, калктын адеп-ахлагынын булагы жана жанды жай алдырган эс алуучу жайы болгон. Теккелер ошол аймактын искусство академиясы, адабият менен пикирдин очогу эле.

                                 Урматтуу китеп күйөрмандары, эгер суфизм жана Осмон дөөлөтүндөгү теккелер темалары сизди кызыктырса, анда  Мустафа Каранын аты аталган китебин окуп чыгууну сунуш кылабыз.

Программаны даярдагандар; Абдырасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар