Китептер баяны-3/16

Илбер Ортайлынын «Императорлуктун эң узун кылымы» аттуу китеби.

463878
Китептер баяны-3/16

Урматтуу китеп күйөрмандары, бүгүнкү уктуруубуз үчүн китеп коллекциябыздан «Императорлуктун эң узун кылымы» деген китепти тандап алдык. Китеп белгилүү түрк тарыхчысы, профессор Илбер Ортайлынын калеминен жаралган. Китеп биринчи жолу 1983-жылы, экинчи жолу 1987-жылы «Хил Йайын» басмаканасында жарык көргөн. Китептин 1987-жылдагы нускасы 236 барактан турат.

«Императорлуктун эң узун кылымы» китебинде Осмон дөөлөтүнүн 19-кылымдагы абалы ар тараптан чагылдырылган.

Кадырлуу китепкөйлөр, Илбер Ортайлы «Императорлуктун эң узун кылымы» деген китебинде Осмон дөөлөтүнүн модерн борбордошкон мамлекет түзүлүшүнө өтүшү жана ошол өткөөл мезгилде Осмон билим берүү системасында болгон өзгөрүүлөр боюнча кызыктуу жана маанилүү маалыматтарды берген. Азыр ошол маалыматтарды сиздер менен бөлүшөбүз:

18-кылымдан тартып мамлекеттер кааласа да, каалабаса да борбордошууга карай жол алышкан. Модерн доордо борбордошкондук мамлекеттердин каржы, укук жана башкаруу тармагында стандарт жана бир жерден көзөмөлдөөнү орнотушу аркылуу пайда болгон өзгөчөлүк болуп саналат. Борбордошкон мамлекет адистешкен жана көп сандагы бюрократтарга жана ошондой эле коомчулукту катуу көзөмөлдөөдөн улам жакшырган бюрократиялык эсепке алуу системасына ээ болгон.

19-кылымда Осмон дөөлөтү классикалык мамлекет түзүлүшүнөн модерн борбордошкон мамлекет түзүлүшүнө өткөн. Баарыбызга маалым болгондой эле, борбордошкон модерн мамлекет өзүнүн идеологиясын жеткирүү жана муктаж болгон бюрократтарды даярдоо үчүн, эч болбоду дегенде, жарандардын дин жана ишенимдерине карабай тарапсыз билим берген системаны түзүш керек. Классикалык доордо Осмон дөөлөтүндөгү бардык коомдук катмарда жана бардык диний жамааттарда диний билим өкүм сүргөн. 19-кылымдын башынан тартып жаңылануу шарапаты менен светтик дегенге жакын, заманбап билим берген окуу жайлар ачылган. Заманбап окуу жайлары медресе сымал диний окуу жайлардын жанында, аларга каршы көбөйүп өнүгө баштаган. Бул көрүнүш аябай маанилүү болуп саналат. Осмон реформачылдары дин адамдары жана диний институттар менен ачык күрөшүшкөн эмес. Реформачылдар уламалар менен медреселердин сыртында светтик билим берүүнү жайып, өздөрүнүн бюрократтарын тарбиялап чыгарышкан. Бул бюрократтардын коомдогу таасири модерндешүү менен бирге күчөгөн, ал эми пайдубалы медреседен болгон уламалар катмары чекеге сүрүлүп чыгып калган. Иранда болсо молдолор менен жер ээси болгон дин аалымдары заманбап билимден да пайдаланышкан. Экономикалык күчкө ээ болгон бул молдо жана аалымдар саясат, маданият жана бюрократия тармагында өз ордун сактап калышкан жана светтик жашоонун жолун бөгөп койгонго жетишишкен. Бул мисал 19-кылымда модерндешүүгө бир убакта кадам таштаган эки эгемен ислам мамлекетинин бири-биринен айырмаланган жактарын көрсөтүп турат.

Осмон дөөлөтүндө «Танзимат» буйругу жарыяланган 1839-жылдан тартып түрк тилинде билим берген заманбап окуу жайлар ачыла баштаган. Империянын Балкандагы христиан жарандарында бул процесс мурдараак башталган. 1840-жылдары тили түркчө болгон Осмондуктардын билим алуу системасы структуралык жактан Балкандагы болгарча жана грекче билим алган калктардыкынан айырмаланып турган. Балкандардагы христиандар башталгыч класстан жогорку окуу жайга чейин регулярдуу жана пландуу билим алышкан. Түрктөр болсо плансыз жана контролсуз башталгыч класс билиминен кийин пландуу болгон аскердик же техникалык окуу жайда билимин улантышкан.

1869-жылы «Маариф-и умумийе», башкача айтканда «Жалпы билим берүү» мыйзамы чыгарылган. Бул мыйзам аркылуу билим берүү системасын тартипке келтирүү максат кылынган. «Маариф-и умумийе» билим берүү системасын үч баскычка бөлгөн жана башталгыч билим берүүнү милдеттүү кылган. Бул мыйзамга ылайык, балдарын мектепке жибербеген ата-энелерге үч жолу эскертүү берилген жана эскертүүгө кулак аспаган ата-энелерге экономикалык абалына жараша беш тыйындан жүз тыйынга чейин айып пул салынган. Башталгыч билим берүүнү милдеттүү кылган мамлекеттин өзү эч кандай милдетти мойнуна алган эмес. Осмон өкмөтү болгону калктын санына карап кайсыл жерде мектеп ачылышы керек экендигин көрсөткөн. Ал эми ачыла турган мектептин чыгымдары жергиликтүү калкка жүктөлгөн. Кыскасын айтканда, борбордошкон модель боюнча модерндешкен мамлекет башталгыч билим берүү тармагында эч кандай материалдык чыгымга кирген эмес. Осмон башкаруучулары мамлекетке керек болгон кызматкерлер менен техниктерди кыска убакытта даярдоо үчүн жогорку окуу жайларынын курулушуна чоң маани беришкен.

Урматтуу китеп күйөрмандары, эми болсо 19-кылымда Осмон коомчулугундагы аялдардын абалына байланыштуу Илбер Ортайлынын китебинде берилген маалыматтарды сиздер менен бөлүшөбүз:

19-кылымда, башкача айтканда Танзимат доорунда социалдык жана маданий тармакта болгон өзгөрүүлөр жогорку жана орто катмардагы аялдардын коомдук жашоого аралашышын камсыз кылган. Ошентип 19-кылым Осмондук аялдар үчүн алтын мезгил болгон. Модерн ислам ойчулдары көп аял алууну жойуу же болбосо чектөө керек деген пикирлерди билдире башташса, Осмон дөөлөтү менен Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттерде ойчулдар менен жазуучулар эски үй-бүлөө түзүлүшү менен үйлөнүү үрп-адаттарына каршы акция жүргүзө башташкан. Мисалы, Осмон театрынын алгачкы чыгармасы болгон «Акындын үйлөнүшү» пьесасында Ибрагим Шинаси эски үйлөнүү үрп-адаттарын жээриген.

Танзимат доорундагы мамлекет төбөлдөрү үй-бүлөө укугу жана үйлөнүү үрп-адаттарынын көйгөй жаратып жаткандыгын жакшы билишкен. Бул маселени чечүү үчүн башкы увазир Эмин Али паша Франциянын жарандык кодексин кабыл алууну ойлогон. Бирок коомчулук буга даяр болбогондуктан үйлөнүү үрп-адаттарын тескеш үчүн кээ бир токтом жана насыйкаттарды чыгаруу менен чектелген. Бул токтом менен насыйкаттар негизинен калыңга тыюу салган жана оор чыгымдарды азайтууну көздөгөн.

Танзимат доорундагы билим берүү тармагындагы эң чоң жетишкендик «Инас рүшдийелери» деген кыздар үчүн орто мектептердин ачылышы, кыздарга орто мектепте билим алуу мүмкүнчүлүгүнүн жаратылышы болгон. Кыздардын санынын көбөйүшү жана кыздардын билим алуу даражасынын лицейге чейин жогорулашы «мугалим айымдар» деген кесиптик группанын жаралышына себеп болгон.

Танзимат доорунда пайда болгон жаңы интеллигенция арасында аялдар да болгон. Жевдет пашанын кызы Фатма Алийе айым, акын Нигар айым бул интеллигенция катмарына кирген. Чоң шаарларда аялдар үйлөрүнүн сыртына чыгып коомдук иштерге аралаша башташкан. Кыскасын айтканда, Осмон дөөлөтүндө индустриялашуу менен шаарлашуу жай өнүккөнүнө карабастан 19-кылымдан тартып Осмон коомчулугунда аялдардын эгемен болуу процесси башталган.

Кадырлуу китепкөйлөр, Илбер Ортайлынын «Императорлуктун эң узун кылымы» китеби Осмон дөөлөтүнүн 19-кылымдагы абалын ачык-айкын чагылдырган эмгек болуп эсептелет. Осмон тарыхына кызыккандарга бул китепти окуп чыгууну сунуш кылабыз.

Программаны даярдаган Гүлдана Мурзакулова жана Абдырасул Исаков



Тектеш кабарлар