Китептер баяны-20

Дефтердар Сары Мехмет пашанын «Мамлекеттик кызматкерлерге насыяттар: Осмон дөөлөтүнүн бийлик түзүлүшү» аттуу китеби.

362164
Китептер баяны-20

Кадырлуу китепкөйлөр, программабыздын бүгүнкү чыгарылышы үчүн китеп коллекциябыздан «Мамлекеттик кызматкерлерге насыяттар: Осмон дөөлөтүнүн бийлик түзүлүшү» аттуу китепти тандап алдык. Бул китеп Осмон дөөлөтүндө мамлекеттик кызматкер болгон Сары Мехмет паша тарабынан жазылган. 18-кылымда жазылган бул эмгектин кол жазма нускалары Хүсейин Рагип Угурал тарабынан азыркы түрк тилине которулуп, 1969-жылы Жакынкы Чыгыш Амме башкаруу институту тарабынан басып чыгарылган.
Дефтердар Сары Мехмет пашанын «Мамлекеттик кызматкерлерге насыяттар: Осмон дөөлөтүнүн бийлик түзүлүшү» аттуу китеби түрктөрдүн башкаруу системасынын тарыхы боюнча жазылган эмгек болуп эсептелет. Китепте Осмон дөөлөтүнүн бийлик түзүлүшү сынга алынып, бийликтегилерге кеп-кеңештер берилген. Сары Мехмет пашанын пикирлери - аябай маанилүү жана сабак ала тургандай деңгээлде. Ал козгогон кээ бир маселелер азыркы күндө да актуалдуулугун жогото элек.
Урматтуу китеп күйөрмандары, «Мамлекеттик кызматкерлерге насыяттар: Осмон дөөлөтүнүн бийлик түзүлүшү» аттуу китеп тогуз бөлүмдөн турат. Китептин биринчи бөлүмүндө «увазирдин ахлагы жана иш-аракеттери кандай болуш керек?» деген суроонун жообу берилген. Бул бөлүмдөгү маанилүү пикирлерди сиздер менен бөлүшөлү:
Кайсыл жерде болбоңуз туура сөздү тартынбай айтышыңыз. Увазирдин падыша менен болгон иштерин жана алардын ортосундагы сырларды эч ким билбеш керек. Падышага жасаган кызматтын эң маанилүүсү сыр сактай билүү болуп саналат. Жакын адамдардын сырларын сактай билүү адамдын мыкты адеп-ахлакка ээ экендигин билдирет. Ал гана эмес өзүңүздүн сырларыңызды да эч кимге айтпашыңыз керек. Анткени: «Сырыңды көйнөгүңөн дагы сакта» - дешкен улуулар. «Бир сөз оозуңан чыкты, албетте баарына жайылат» деген сөз да бар.
Топук кылып ачкөздүктөн жана эсеп бере турган күндү ойлоп Алланын азабынан коргонуш керек. Анткени байлык анын ээсинин бул дүйнөдө тынчын алат жана акыретте сурала турган суроолорго жооп берип жатканда позициясын начарлатат, азап берет жана бушайман кылат.
Увазирдин эшиги ар дайым ачык болуп, аны менен жолугууну каалагандар эч кандай тоскоолдукка учурабаш керек. Эгер ал эшигин жаап, муктаждыгы болгондор, бей-бечаралар аны менен жолугуша алышпасы ал кишинин өзү муктаж болуп калганда Алла да ага жардам бербей коёт. Ошондуктан жардам сурап келген кишилерди кунт коюп угуп, мыйзамга туура келген иш болсо жардам бериш керек. Адамдарга жакшы сөз менен жооп бергендер чоң сооп табат. Эч кимдин көңүлүн оорутпаш керек. «Найзанын жарасы айыгат, бирок тилдин жарасы айыкпайт» деп бекеринен айтылган эмес. Азирети Али: «Ачуу сөз укканча, ачуу тамак жеген жакшы», - деген.
Мамлекетти башкарып тургандар лаззат жана эңсөөлөрүн ишке ашыруунун ордуна акырет үчүн сооп топтоп, таза иштешип, өз аттарын булгабаш керек. Убактысын мамлекеттик иштерге коротуп, ыр-чоор, ушак жана ичимдикке берилбеши зарыл. Кечинде көп уктаганга көнбөш керек.
Мамлекеттик жыйындарда орунсуз тамашалоого, каткырып күлүүгө, адамдардын ортосуна чок салууга, башкалардын кемчилигин жарыялоого уруксат берилбеш керек. Негизинен дин, мамлекеттик иштер жана өлкөнүн коопсуздугун сактоо деген темалардын тегерегинде сүйлөшүү абзел.
Падыша, увазир, губернатор, прокурор жана аскер кызматкерлери шариатка ылайыктуу иш алып барып, адилеттүү болууга аракет кылыш керек. Анткени адилеттүүлүк боюнча Азирети пайгамбарыбыз: «Бир сааттык адилеттүүлүк - жетимиш жылдык ибадатка барабар. Адилеттүү лидер кыямат күнүндө адамдардын эң мыктысы болот», - деген.
Мансапка байланбасаңыз жана эч нерсеге катуу берилбесеңиз алардын ордун жоктоп кыйналбайсыз. Дүнүйөгө ээ болуу үчүн көп аракет кылбаңыз. Анткени сиз эңсеген мүлк колуңузга тийбей калса азап тартып, көп өкүнөсүз.
Өз ысмыңызды алдыңкы планга чыгарганга аракет кыла бербеңиз. Сот процессине кийлигишпеңиз. Эч кимге кепил болбоңуз. Калктын жеке иштерине кийлигишпеңиз.
Байлык, дүнүйөм бар деп керкейбеңиз. Жүрөгүңүз ар дайым жумшак, денеңиз таза, көзүңүз нымдуу, ишиңиз таза, дубаңыз чын дилден, кийимиңиз эски жана жеңил болсун.
Кадырлуу китепкөйлөр, Сары Мехмет паша чыгармасынын сегизинчи бөлүмүндө чыныгы дос тууралуу жана ошондой эле ушактын, адамдардын ортосуна чок таштоонун залакалары тууралуу сөз кылган. Анын кээ бир пикирлерине кулак салалы:
Чынчыл болуп жалган сүйлөгөндөн оолак болуу керек. Көп жалган сүйлөгөн киши аманатка кыянат кылат жана айткан сөзүн эч качан аткарбайт. Жалганчынын ырыскысы кем болот. Азирети пайгамбарыбыз: «Жалган, адамдын ырыскысын кем кылат. Жалганчынын жексурдан айырмасы жок», - деген.
Чындап жактыруу сүйүүнүн эң жогорку даражасы болуп эсептелет. Азыркы учурда чыныгы дос табуу аябай кыйын. Табылбашы да мүмкүн. Бирок ишиң жүрүшүп турганда сага жакын болууга аракет кылгандар көбөйөт. Кыйынчылык башка түшкөндө дос деген керек болот. Ошондуктан жеткидей гана дос күткөн жакшы. Тамакка туз көп салынып калса даамын бузат. Салынбай калса да болбойт.
Кээ бир адамдар укканын көбүртүп-жабыртып башкаларга жеткиришет. Булар - ушакчылар, сөз ташыган адамдар. Мындай адамдардан оолак болуп, алар менен тамашалашпоо керек. Сөз ташыган кишилер боюнча Азирети пайгамбарыбыз: «Сөз ташыгандар жаннатка кире алышпайт», - деген. Куранда: «Бирөөнү артынан жамандоо - өлгөн кишинин этин жегенге барабар», - деп жазылган. Бирөөнүн артынан сөз кылуунун жаман тараптары аябай көп.
Урматтуу китеп күйөрмандары, «Мамлекеттик кызматкерлерге насыяттар: Осмон дөөлөтүнүн бийлик түзүлүшү» китебинде ушундай пайдалуу пикирлер жазылган. Бул китепти окуп чыгууну сунуш кылабыз.

ТРТнын "Түркия үнү" радиосу үчүн Гүлдана Мурзакулова жана Абдырасул Исаков

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар