Китептер баяны-19

Илбер Ортайлынын «Түркиянын башкаруу тарыхы» аттуу китеби.

399520
Китептер баяны-19

Кадырлуу китепкөйлөр, программабыздын бүгүнкү чыгарылышы үчүн китеп коллекциябыздан «Түркиянын башкаруу тарыхы» аттуу китепти тандап алдык. Бул китеп дүйнөгө таанымал түрк тарыхчысы Илбер Ортайлынын калеминен жаралган. «Түркиянын башкаруу тарыхы» китеби «Жедид» басмаканасы тарабынан 2008-жылы басып чыгарылган. Китеп 592 барактан турат.
«Түркиянын башкаруу тарыхында» Осмон дөөлөтүнүн жогорку жана жергиликтүү башкаруу системасы баяндалган. Мындан сырткары китепте Осмон дөөлөтүнүн жерди иштетүү системасы, Осмон шаарлары жана байланышы тууралуу кызыктуу маалыматтар берилген.
Урматтуу китеп күйөрмандары, биз азыр Илбер Ортайлынын «Түркиянын башкаруу тарыхы» китебиндеги Осмон падышалары тууралуу кызыктуу маалыматтарды сиздер менен бөлүшөбүз.

 Осмон дөөлөтүнүн борбордук башкаруусунун башында падыша турган. Осмон падышалары алгач «бей» жана «кан» деген титулдарды колдонушкан. Алгачкы үч падыша монарх деп эсептелгени менен, булардын доорунда Осмон башкаруу системасы жөнөкөй протокол, үрп-адат жана кеңешүүгө таянган. Йылдырым Бейазиттен тартып Осмон падышасы салтанаттуу протокол жана абсолюттук өкүмдарлыкка оогон. «Осмон падышасы» деген үлгүнү жараткан өкүмдар Фатих Султан Мехмет болгон.

Осмон династиясы Ислам дүйнөсүндө жана ал гана эмес, Борбондорду эсепке албай турган болсок, бүтүндөй Европада эң узак өкүмдарлык кылган династия болуп эсептелет. Осмон тактына 36 падыша чыккан. Бул Осмон падышаларынын катарына 1402-1413-жылдарда бийлик жүргүзүшкөн Муса Челеби менен Эмир Сулайман кирбейт. 16-кылымдын баштарына чейин Осмон падышалары кошуна өкүмдарлардын кыздары менен үйлөнүшкөн. Мындай үйлөнүү салтына Кануни Султан Сулайман доорунда жол берилген эмес. Мунун негизги себеби катары осмондордун бийликти бөлүшкүcү келбегенин көрсөтсөк болот. Султан Сулайман доорунан баштап падышанын уулдары олжого келген кыздар менен үйлөнө башташты. Падышанын кыздары болсо кайыруу жолу аркылуу жоокерге алынып паша болгон аскер адамдары жана калктын арасынан чыккан абройлуу кишилер менен баш кошушкан. Күйөөдөн жаман мамиле көрүү сымал себептерди билдирген падышанын кыздары ажыраша алышкан. Буга мисал катары Султан Сулаймандын карындашы Шах Султандын башкы увазир болгон күйөөсү Лүтфи Пашадан ажырашуу доо арызын көрсөтүүгө болот.
Династияда бийлик падышанын уулдары аркылуу уланган. Падышанын мураскери талапкерлердин өз ара күрөшүнүн же болбосо кан сарайдын алдыңкы кишилеринин купуя тандоосунун натыйжасында белгилүү болчу. 17-кылымдан тартып тактыга падышанын уулдары эмес, династиянын эң улуусу отура баштаган.
17-кылымга чейинки мезгилде Осмон канзаадалары империянын аймактарына төбөл катары жиберилген. Ал жерде канзаадалар башкаруу жана согуш иштерин үйрөнүшчү. Борборго жакын аймактарды башкарып жаткан канзадалардын бийликке келүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болгон. Бирок буга карабастан такты үчүн күрөш ар дайым болуп турган. Мисалы, Бейазид IIге Жем Султан, Канзаада Ахметке Явуз Селим каршы чыгып күрөшкөн. Селим өз атасын тактыдан баш тартууга мажбур кылган. Канзаадалар аймактарга жиберилсе алар өз жактоочуларын топтоп, бийлик үчүн күрөшөт экен деген пикир пайда болгон. Мунун чындык тарабы бар эле. Ушундан улам 17-кылымдан тартып канзаадалар кансарайдан чыгарылбай калган. Канзаадалардын харемдин «капас» деп аталган бөлмөлөрүндө баш кескич желдеттерден коркуп жашашы алардын мыкты тарбия, билим алышына тоскоол болгон. Осмон дөөлөтүнүн акыркы жылдарына чейин канзаадалар ушундай себептерден улам жеткиликтүү билим ала алышкан эмес. Акыркы Осмон падышасы Абдүлмежит тактынын мураскери болуп турган мезгилинде эле бала-чакасын мыкты билим үчүн Венага жиберген жана балдарына кансарайда да жакшы тарбия берилишине аракет кылган.
Урматтуу китеп күйөрмандары, Илбер Ортайлынын «Түркиянын башкаруу тарыхы» аттуу китебинде Осмон падышаларынын халифа деген титулду кантип колдонушканы тууралуу кызыктуу маалыматтар бар. Бул маалыматтарды сиздерге айтып берели:
«Халифанын» сөздүктөгү мааниси кезектеги, орун басар дегенди билдирет. Ислам дүйнөсүндө «халифа» башкаруучу, пайгамбардын орун басары деген мааниде колдонулган.
Осмон падышалары «халифа» титулун 1789-жылы түзүлгөн «Айналы Кавак» тынчтык келишиминен кийин колдоно башташкан. Осмон дөөлөтү Крымдын Россиянын карамагына өтүшүн тааныганы менен «халифалык» аркылуу ал жердеги мусулмандарды өз таасиринде калтырууну каалаган. Осмон бийлигинин аракетинин натыйжасында Россия Осмон падышасынын халифалыгын тааныган. Орус падышасы Крымдагы дачасына келген сайын Осмон падышасы өзүнүн өкүлүн саламдашуу үчүн жиберип турган. Ошентип Селим IIIдөн тартып «халифа» титулу расмий титулдардын бири болуп санала баштаган. 19-кылымда бул титул Осмон падышалары, калкы жана дүйнөдөгү бүтүн мусулмандар тарабынан жактырылган. Султан Абдүлазиз менен Абдүлхамид II панисламизм жана абсолюттук монархияны чагылдырган «Алланын жердеги көлөкөсү» деген титулду колдонушкан. Абдүлхамид II Россия менен Англиянын карамагындагы мусулмандарды өз таасиринен чыгарбоого аракет кылган. Египет, Ява жана Индиядагы мусулмандардын ичинде «халифалык» аброюн колдонуп, кээ бир демилгелерди көтөрүп чыккан. Мусулмандардын кээ бирөөлөрүнө Осмон дөөлөтүнүн паспорту берилген. Бул паспорт Эл аралык Вена системасынын критерийинин негизинде аларга жеңилдиктерди камсыз кылган. Абдүлхамид II ушул инструментти колдонуп, Хижаз темир жолу курулушу үчүн бүтүн мусулмандардан акча жыйнаган. Бирок «халифалыктын» анчалык деле таасирдүү эмес экендиги Биринчи дүйнөлүк согушта белгилүү болгон. 1924-жылы «халифалык» жокко чыгарылганда Индиядагы мусулмандар гана буга каршы чыгышкан. Анткени «халифалык» Индия мусулмандарынын ички саясаттагы инструменти эле.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар