Китептер баяны-18

«Түркия тарыхы: Осмон дөөлөтү (1600-1908-жылдар)» аттуу китеп.

356705
Китептер баяны-18

Кадырлуу китепкөйлөр, программабыздын бүгүнкү чыгарылышы үчүн китеп коллекциябыздагы чыгармалардын арасынан «Түркия тарыхы: Осмон дөөлөтү (1600-1908-жылдар)» аттуу китепти тандап алдык. Бул китеп «Жем» басмаканасы тарабынан басып чыгарылган беш томдук «Түркия тарыхы» эмгегинин үчүнчү тому болуп эсептелет. Китеп 472 барактан турат.
«Түркия тарыхы: Осмон дөөлөтү (1600-1908-жылдар)» китебинде Осмон дөөлөтүнүн саясий тарыхы, экономикалык тарыхы, билим жана пикир, искусство жана архитектура тарыхы баяндалган. Китеп түрк илимпоздору Метин Кунт, Сина Акшин, Зафер Топрак, Хүсейин Йурдайдын жана Айла Өдекандын калеминен жаралган.
Урматтуу китеп күйөрмандары, «Түркия тарыхы: Осмон дөөлөтү (1600-1908-жылдар)» китебинин Зафер Топрак тарабынан жазылган «Экономикалык тарых» деген бөлүмүндө 18-19-кылымдардагы Осмон дөөлөтүнүн тышкы соодасы тууралуу кызыктуу маалыматтар берилген. Оболу, ушул маалыматтарды сиздер менен бөлүшөлү.

Осмон дөөлөтүндө 18-кылымдын экинчи жарымына чейин экспорттоло турган товарлар жергиликтүү соодагерлер тарабынан портко жеткирилип, товардын ички бажы салыгы ушул соодагерлер тарабынан төлөнчү. Чет элдик соодагерлер болсо товардын 3 пайызын түзгөн «рефтийе» аттуу салыкты гана төлөшчү. Кийинчерээк чет элдик соодагерлер Анадолунун ички аймактарына чейин келип товар сатып ала башташкан. Ошентип мурда порттордо жергиликтүү соодагерлер төлөп жүргөн ички салык төлөнбөй калган. Капитуляциядан улам чет элдик соодагерден 3 пайыздык «рефтийе» салыгынан башка салык алуу мүмкүн эмес эле. Ушундан улам казынага түшкөн салык кирешесинин көлөмү азайган.
Импорттолгон товарлар болсо башынан бери эле чет элдик соодагерлерге тиешелүү дүкөндөрдө «масдарийе» аттуу бажы салыгынан башка салык төлөнбөстөн сатылчу. Импорттолгон товарлардын бажы салыгы алгач 5 пайыз эле, кийинчерээк 3 пайызга түшүрүлгөн. Осмон дөөлөтү 18-кылымда казынанын чыгымдарын жабуу үчүн «дамга», «ихтисабийе», «калемийе» жана башка ушул сыяктуу салык түрлөрүн чыгарууну пландаганы менен капитуляциядан улам бул пландарын ишке ашыра алган эмес. Танзимат дооруна чейин товардын алынып сатылышы мамлекеттин монополиясында болгон. Бул нерсе тышкы сооданы чектеп турган ыкмалардын бири эле. Товарлардын баалары мамлекет тарабынан минималдуу баада кармалып тургандыктан бул абал өндүрүшкө терс таасирин тийгизген. Кыскача айтканда, Танзиматка чейин Осмон тышкы соодасы провизиондук жана фискалдык кайгы жана капитуляциялар чектеген нормалар менен жүргүзүлгөн.
1838-жылы Осмон дөөлөтүнүн тышкы соода тармагында жаңы доор башталган. Осмон дөөлөтүнүн тышкы соода саясатында өзгөрүүлөр байкалган. Бажы тармагында реформа башталып, чет өлкөлөр менен соода келишимдери түзүлө баштаган.
1838-1846-жылдар аралыгында кол коюлган соода келишимдерине ылайык товарларга баа белгилөөдө мамлекеттин монополиясы жоюлуп; тышкы соода товарлары ички бажы салыгынан бошотулган. 19-кылымдын ортосунда тышкы соодада колдонулган тарифтик арзандатуулар либерализмдин алтын доорун чагылдырган.
Бирок бул «либералдык» система белгилүү мерчемде капитуляциянын кыстоосу эле. Осмон дөөлөтү соода келишимдери аркылуу бажы кирешесин көбөйткөнү менен тышкы соода саясатын каалагандай жүргүзө алган эмес. Башкача айтканда чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү чектелген эле. Осмон дөөлөтү капитуляциядан качан кутулган? Осмон дөөлөтү батыш өлкөлөрүнүн каршы болгонуна карабастан 1914-жылдын 9-сентябрында капитуляцияларды бир тараптуу жокко чыгарган.
Урматтуу китеп күйөрмандары, азыр «Түркия тарыхы: Осмон дөөлөтү (1600-1908-жылдар)» аттуу китептин «Экономикалык тарых» деген бөлүмүндөгү осмондуктардын алгачкы акча банкноттору тууралуу маалыматтарды кыскача айтып беребиз:
Осмон дөөлөтүндө Танзимат дооруна чейин метал акчалар колдонулган. Танзиматтагы реформалар Осмон өкмөтүнүн акчага болгон муктаждыгын арттырган. Акча муктаждыгын чечүү үчүн эки гана жол бар эле: Биринчи жол сырттан карыз алуу, экинчи жол болсо кагаз акча басуу ишин кабыл алуу болчу. Кагаз акча ыкмасы көп жылдардан бери батышта колдонулуп келе жаткан эле. Осмон дөөлөтү да кагаз акча басуу жолун тандаган.
Осмон дөөлөтүнүн «каиме» деп аталган алгачкы кагаз акчасы 1840-жылы жүгүртүүгө чыгарылган. Алгач «каиме» акча эмес, пайда алып келген вексель болгон. Бир жылда 8 пайыз киреше алып келчү. Осмон калкы башта каимени колдонуудан чочулаган. Убакыттын өтүшү менен калк каимеге көнгөн. 1850-жылга чейин 50 тыйындын астында каиме болгон эмес. 1850-жылдан кийин күнүмдүк соода-сатыкка жеңилдик болсун деп 10 жана 20 тыйындык каимелер басылган. Акыркы чыгарылган каимелер пайыз эсептөө жана төлөмүндө кыйынчылык жаратат деген себептер менен пайызсыз чыгарылган.
Чыгымдарын жабууда кыйналган Осмон өкмөтү үчүн каиме басуу табылгыс байлык болгон. Осмон дөөлөтү кыйналган сайын эле эмиссия чыгара баштаган. Ушундан улам каимелер наркын да жогото баштаган. Мындан сырткары айрым адамдар чет өлкөдөн жасалма каимелерди алып келип, базарларда жүгүртүүгө чыгарышкан. Ошентип каиме чет өлкө акчаларына жана метал акчаларга салыштырмалуу наркын аябай жоготкон.
1861-жылы Өкмөт башчы болуп шайланган Фуат паша өлкө экономикасына жана акча базарына чоң зыян алып келген каимени кандай кылып болсо да жоготуш керек деген чечимге келген. Ошентип каиме Англия жана Франциянын капиталы менен курулган «Осмон банкы» деген банктын жардамы менен 1863-жылы жүгүртүүдөн алынып салынган.
Осмон өкмөтү «Осмон банкына» банкнот чыгарууга уруксат берген. Өкмөт «Осмон банкы» иштеп жаткан мезгилде кагаз акча чыгарбоого жана башка мекемеге да уруксат бербөөгө милдеттенген. «Осмон банкы» Каржы министрлиги менен өзүнүн мөөрү басылган алгачкы банкнотторун 1863-жылы жүгүртүүгө чыгарган. «Осмон банкы» банкнот чыгаруу ишин 1914-жылга чейин жүргүзгөн.

Түркия үнү радиосу үчүн, 

Гүлдана Мурзакулова жана Абдырасул Исаков


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар