Китептер баяны-17

Хилми Зия Үлкендин «Түркияда заманбап ой-пикир тарыхы» аттуу китеби.

366057
Китептер баяны-17

Кадырлуу китепкөйлөр, программабыздын бүгүнкү чыгарылышы үчүн китеп коллекциябыздан «Түркияда заманбап ой-пикир тарыхы» аттуу китепти тандап алдык. Бул китеп Түркияда философия илиминин калыптанышына албан эмгек сиңирген көп кырдуу илимпоз-агартуучу Хилми Хия Үлкен тарабынан жазылган. Үлкен «Түркияда заманбап пикир тарыхы» китебинде түрк ой-пикиринин өнүгүүсүн кеңири баяндаган. «Түркияда заманбап ой-пикир тарыхы» китеби алгачкы жолу 1966-жылы басылып чыккан. Китеп 514 барактан турат.
Урматтуу китеп күйөрмандары, азыр биз «Түркияда заманбап ой-пикир тарыхы» китебиндеги Осмон түрктөрүнүн батыш дүйнөсү менен алгачкы байланышы тууралуу жазылгандырды кыскача айтып беребиз.

Түрктөрдүн батыш менен алгачкы байланышы алар Жер ортолук деңизинин чөйрөсүнө келип отурукташканда түзүлгөн. Ушул нерсе кырда жашаган калктын деңизге чыгышы, малчылыктан шаар жашоосуна, деңизчиликке жана соодага өтүшү сыяктуу кенен жана узак убакытка созулган өзгөрүүгө себеп болгон.
Осмондуктардын алдына чыккан батыш - Византия Империясы менен Жер ортолук деңизиндеги Венеция, Генуэз жана Дубровник сыяктуу шаар-мамлекеттер болгон. Түрктөр деңизчиликке, ашкана жана үй буюмдарына, тамак-ашка тиешелүү көптөгөн терминдерди алгач урумчадан, кийинчерээк италян тилинден алышкан. Византиянын коомдук институттарынын түрктөргө таасири кээ бир тарыхчылар айткандай өтө көп болбосо да, аз эмес даражада болгон. Селчук дөөлөтү Анадолунун деңиз жээктеринин көпчүлүгүн карата алган эмес. Осмон дөөлөтү Анадолу менен Румелини толугу менен каратып алуу аркылуу Чыгыш Римдин мураскери болуп калган. Осмондуктар тарабынан Стамбул шаарынын каратылышы Рим мураскерлигин толугу менен тастыктаган. Султан Селим Iнин доорунда Осмон дөөлөтү Византиянын эски чегин толугу менен караткан. Византиянын мураскери катары ар түрдүү калктарды башкара баштаган Осмон дөөлөтүнүн тагдыры саясий жана маданий планда эки кайчы тарапка бурулуп калган. Биринчи тарап, Чыгыш Римди эски мыйзам жана салттарга туура келген түрдө башкаруу болсо, экинчи тарап Аббаси халифаты кыйрагандан бери орду бош калган Ислам гегемониясын колго алуу эле. Осмон падышаларынын «Султан-ы иклим-ир Рим» жана «Халифа-и руйи земин» деген титулдары Осмон дөөлөтүн бири-биринен аябай айырмаланган эки тагдырды курулай бириктирүүгө карай алып бараткан. Ушундан улам 16-кылымда Осмон дөөлөтү Венага чейин территориясын кеңейткенине карабастан руханий түрдө чыгышка чегинген жана чыгыштык болууну тандап алган.
Эгер ренессанс жаралбай, батыштын дүйнө таанымы океандарга карай жайылбаганда, халифаттык Осмон дөөлөтүнө көп мүмкүнчүлүктөрдү алып келмек. Бирок тарыхый окуялардын агымы өзгөрө баштаган эле: 1492-жылы Кристофор Колумб Индияны издеп жүрүп жаңы материкти ачты. 1502-жылы Магеллан Тынч океанын кыдырып чыкты. Ушундан улам батыштын илими аябай өнүктү, 12-кылымда батышка өрнөк болуп турган ислам илиминин мааниси жоголду. Батыштын океандарга чыгышы менен Жер ортолук деңизи менен Индия жолун тескеп турган Осмон, Венеция сыяктуу мамлекеттер экономикалык өзгөчөлүктөрүн жоготушкан. Бул жараян 17-18-кылымдарда токтотулушу мүмкүн болбогон даражада ылдамдаган. Жер ортолук деңизинин чоң соодагер шаар-мамлекеттеринин ордун Тынч океанына ачылган жаңы соодагер калктар, тагыраак айтканда Португалия, Испания, Голландия, Франция жана Англия ээлеген. Эбегейсиз экономикалык булактарды басып алган бул мамлекеттер аябай ылдам өнүгө башташкан. Жакынкы Чыгыштын мамлекеттери болсо чөгө башташкан. Ушундай мезгилде Осмон дөөлөтүн кыйроодон согуштар жана саясий теңдештик сактап турган. Ошентип Осмон дөөлөтү батыш менен байланышын үзүп, Жакынкы Чыгыш мамлекеттери сыяктуу терең схоластиканын ичине батып калган. 8-12-кылымдардагы өнүккөн илим, техника жана философиянын ордун кайталоо жана көчүрүүдөн алыс кетпеген схоластика ээлеп алган. 16-19-кылымдарда Осмон дөөлөтүндө көзгө көрүнөөрлүк пикир кыймылы болгон эмес. Согуштарда жеңилүү жана аркага чегинүү башталган. Осмон бюрократтары артка кетүүнүн чыныгы себебин көрө алышкан эмес. Алар орто кылымдагы адеп-ахлак кайрадан жаралса иштер оңолот деп, чараны өтмүштөн издешкен.
Осмон дөөлөтүнүн жеңилүүгө учурагандыгы 1699-жылы кол коюлган «Карловиц» тынчтык келишими менен тастыкталган. «Карловиц» тынчтык келишиминен баштап Осмон дөөлөтү өз жерлеринен айрыла баштаган. Ушул нерсе осмондуктарга батыштын аскердик жана техникалык жактан алардан алдыда тураарын көрсөткөн. 18-кылымдын баштарында Осмон падышасы жана кээ бир увазирлер армияны жана аскердик жабдыктарды жаңылоо иштерин башташкан. Өзү негизи бир гана армия эмес мамлекеттин бардык органдары жаңыланууга муктаж эле. Бирок Осмон дөөлөтүнүн медицина, билим берүү, укук жана башка тармактарында жаңылануу аракеттери армиядагы жаңыланууга салыштырмалуу кеч башталган. Мисалы, осмондуктар 18-кылымдын аяктарында гана батышта математика, физика сыяктуу табигый-так илимдердин аябай өнүккөнүн байкашып, модерндик батыш математикасынын үлгүсүндө «Геометриянын негиздери», «Тригонометрия» сымал эмгектерди жаратышкан. Осмон дөөлөтүндө модерндик медицина окуу жайы алгачкы жолу 1827-жылы реформачы падыша Махмуд IIнин аракети менен ачылган. «Тыпхане» деп аталган ушул окуу жайында французча билим берилген. Окуу жайдын билим берүү тилин французчадан түркчөгө өткөрүү оңой болгон эмес. Анткени модерндик медицина терминдеринин түркчөсүн табуу кыйын болгон. Мурда колдонулуп жүргөн медициналык терминдер модерндик медицинаны толугу менен түшүндүрүп бере албайт эле. Крымдык Азиз эфенди сыяктуу кишилер жаңы медицина жана табигый илимдер терминологиясын жазып чыгышкан. Жаңы ачыла баштаган окуу жайларда окутула турган дарс китептери жазыла баштаган. Акырындап түркчө терминология орной баштагандан кийин түркчө билим берүү мүмкүнчүлүгү жаралган.
Осмон дөөлөтүнүн реформачы ишмерлери батыштын илимпоздорун чакырып, батыштын илимин изилдөө усулдары менен бирге өлкөгө алып келүүнү туура табышкан. Бирок аларга эки нерсе тоскоолдук кылган: Биринчи тоскоолдук модерндик изилдөөнү, алтургай билим берүүнү дин үчүн коркунучтуу деп эсептеген фанаттык-схоластикалык түшүнүк болгон. Экинчи тоскоолдук болсо модерндик изилдөөнүн тамырына чейин сүңгүп кирүүгө сабыр кылып чыдай албаган жана өзүнүн муктаждыгын гана ойлогон бюрократтык түшүнүк эле. Фанаттык-схоластикалык түшүнүк менен күрөшүү оңойго турган жок, бирок акыры ал белгилүү деңгээлде жеңилүүгө учурады. Ал гана эмес, модерндик түшүнүк 19-кылымдын аягында белгилүү бир деңгээлде медресенин ичине чейин жетти. Бюрократтык түшүнүк болсо Осмон дөөлөтүндө чыныгы илим түшүнүгүнүн орношуна көптөгөн жылдар бою тоскоол болду.

ТРТ "Түркия үнү" радиосу үчүн Гүлдана Мурзакулова жана Абдырасул Исаков


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар