Китептер баяны-16

Неждет Хайта менен Угур Үналдын «Осмон дөөлөтүндө жаңылануу аракеттери» аттуу китеби.

364725
Китептер баяны-16

Кадырлуу китепкөйлөр, программабыздын бүгүнкү чыгарылышы үчүн китеп коллекциябыздагы чыгармалардын арасынан «Осмон дөөлөтүндө жаңылануу аракеттери» аттуу китепти тандап алдык. Бул китеп түрк илимпоздору Неждет Хайта жана Угур Үнал тарабынан жазылып, 2003-жылы басылып чыккан. Китеп 240 барактан турат.
Урматтуу китеп күйөрмандары, «Осмон дөөлөтүндө жаңылануу аракеттери» аттуу китепте 17-кылымдын башынан Биринчи дүйнөлүк согушка чейинки мезгилде Осмон дөөлөтүндө жасалган реформалар кеңири баяндалган. Азыр биз Неждет Хайта менен Угур Үналдын аты аталган китебиндеги «Ыслахат деген буйрук жөнүндөгү маалыматтарды сиздер менен бөлүшмөкчүбүз:
1839-жылы жарыяланган «Танзимат» деген буйруктан кийин Осмон дөөлөтүнүн башкаруу системасын түп-тамырынан өзгөрткөн жөнгө салуу аракети «Ыслахат» буйругу болгон.
1849-жылы Осмон дөөлөтүнө баш калкалаган венгер жана поляк качкындарды кайтарып берүү маселесинен улам башталган жана «Крым» согушун туталанткан саясий кризис «Ыслахат» буйругунун чыгышына себеп болгон десек жаңылышпайбыз. «Крым» согушунда Европа мамлекеттери Осмон дөөлөтүн Россиядан коргошоорун билдиришкен, бирок мунун өтөлгөсүнө Осмон башкаруучуларына кээ бир талаптарды коюшкан. Франция, Англия жана Австрия бийлиги Осмон дөөлөтүндө жашаган христиандардын мусулмандар менен бирдей укукка ээ болушун каалашкан. Ошондуктан Осмон өкмөтүнөн ушул нерсени камсыз кыла турган буйрукту чыгарууну талап кылышкан. Европанын алдыңкы мамлекеттери ушул талабынан кайтпай туруп алышканда аргасыздан Осмон өкмөтү империядагы мусулман эмес калктардын укуктары боюнча жаңы буйрук даярдай баштаган.
«Ыслахат» буйругун даярдоо үчүн 1856-жылы Осмон бюрократтары менен Англия, Франция жана Австриянын өкүлдөрү кирген атайын комиссия түзүлгөн. «Ыслахат» буйругу даярдалып жатканда Европа мамлекеттери негизги сөздү айтуучу тарап болгон. Осмон дөөлөтү буга тоскоол боло алган эмес. Натыйжада 1856-жылдын 1-февралында кол коюлган «Вена» протоколунун чечимдерине шайкеш келген буйрук даярдалган. «Ыслахат» буйругу 1856-жылдын 28-февралында Бабыалиде падышанын, алдыңкы бюрократтардын, элчилердин жана грек, армян, жөөттөрдүн дин лидерлеринин алдында окулган. Андан соң бул тууралуу «Париж» келишимин даярдап жаткан мамлекеттерге билдирилген. 1856-жылдын 30-мартында «Париж» келишимине кол коюлуп, Осмон дөөлөтү расмий түрдө «Европа шайкештигине» кабыл алынган.
«Ыслахат» буйругунда «теңдик» маселесине көп басым жасалган. Бул буйрук cалык жана аскердик жаатына теңдик алып келген. Осмон дөөлөтү «Ыслахат» буйругу аркылуу мусулмандар менен мусулман эместердин ортосундагы теңсиздикти жок кылаарын билдирген. Теңдик жана адилеттүүлүк принциптери боюнча айта кетчү нерсе, Осмон дөөлөтү башынан бери теңдик жана адилеттүүлүк принцибин бекем карманып келген. Ушундай болсо да Осмон дөөлөтү мусулман эмес калктарга тең мамиле жасалган эмес деген дооматты «Ыслахат» буйругу аркылуу мойнуна алган. Эмне үчүн мындай кылган? Осмон дөөлөтү кубаттан тайыгандыктан калкын жана жерлерин сактап калуу үчүн Европа мамлекеттеринен жардам суроого аргасыз болгон. Ошондуктан Европа мамлекеттери талап кылган «Ыслахат» буйругун жарыялаган.
Бүгүнкү уктуруубуздун биринчи бөлүгүндө айтылган маалыматтар көрсөтүп тургандай, «Ыслахат» буйругу Европа мамлекеттери тарабынан сунушталып, Осмон өкмөтү кабыл алганга мажбур болгон чаралардын топтому болуп саналат. Бул буйрукка Осмон дөөлөтүнүн мусулман эмес жарандарына гана тиешелүү өкүмдөр киргизилген. Тагыраак айтканда, мусулман эмес жарандарга мамлекеттик кызмат, билим алуу, өкүлдүк сыяктуу жааттарда жаңы укуктар таанылган. Ал эми мусулман калк үчүн болсо эч кандай жаңы укук каралган эмес. «Ыслахат» буйругу 1839-жылы жарыяланган «Танзимат» буйругунан ушул жагынан айырмаланып турат.
«Танзимат» буйругунун автору болгон Мустафа Решит паша «Ыслахат» буйругун катуу сынга алган. Ал «Ыслахатты» чыккынчылар тарабынан Европага берилген кыйратуучу шайманга теңеген. Мустафа Решит пашанын пикири боюнча, реформа жүргүзүү сымал өзүнүн ички маселесине чет мамлекеттердин кийлигишүүсүнө жол берүү Осмон өкмөтүнүн эң чоң катасы болгон. Мустафа Решит Осмон өкмөтүнүн реформаларды баскыч-баскычы менен жасабай, реформалардын баарын бир убакта жасоого аракет кылышын да сындаган. Пашанын сын-пикирлеринин тууралыгын 1856-жылдан кийинки окуялар далилдеген.
«Танзимат» жана «Ыслахат» деген буйруктар Осмон тактында Абдулмежит олтурган мезгилде кабыл алынган. Султан Абдулмежит бул буйруктарды бузбай, империядагы элдердин баарын «Осмончулук» идеологиясынын тегерегинде бириктирүүгө аракет кылган. Бирок азчылык калктардын «Ыслахат» буйругу аркылуу диний, экономикалык жана улуттук артыкчылыктарга ээ болушу жана алардын Европа мамлекеттеринен колдоо көрүшү падышанын биримдик пикиринин ишке ашышына тоскоол болгон.
Султан Абдулмежит доорунда пайда болгон жагымсыз жагдайлардын бири сырттан карыз алуу маселеси болгон. Осмон дөөлөтү Россия менен Крым үчүн согуша баштаганда согуш чыгымдарын жаба албай калган. Осмон бийлиги 1854-жылы мамлекеттин каржы системасын оңдоо максатында алгачкы жолу чет мамлекеттерден карыз алууга мажбур болгон. Мындай карыздар 1855-1858-жылдары жана 1860-жылы да алынган. Осмон дөөлөтү карыз алып жатканда мамлекеттин негизги киреше булактарын кепилдикке койгон.
Ошентип 19-кылымдын экинчи жарымында Осмон дөөлөтүндө улутчул кыймылдар жана ички маселелерге чет мамлекеттердин кийлигишүүлөрү күчөгөн.

"Түркия үнү" радиосу үчүн Гүлдана Мурзакулова жана Абдрасул Исаков


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар