Китептер баяны-14

Алпай Кабажалынын «Түрк китеп тарыхы: Башталышынан танзиматка чейин» аттуу китеби.

359326
Китептер баяны-14

Кадырлуу китепкөйлөр, китеп жана басмакананын тарыхы сиздерди кызыктырган темалардын бири деп ойлойбуз. Ушундан улам программабыздын бүгүнкү чыгарылышы үчүн «Түрк китеп тарыхы: Башталышынан танзиматка чейин» деген китепти тандап алдык. 1989-жылы Стамбулдан басылып чыккан бул китеп жазуучу жана журналист Албай Кабажалынын калемине таандык.
Урматтуу китеп күйөрмандары, «Түрк китеп тарыхы: Башталышынан танзиматка чейин» аттуу китепте түрк-мусулман аалымдарына таандык эмгектердин басмаканаларда басыла башташы, Осмон дөөлөтүнө басма станокторунун алып келиниши жана алгачкы түрк басмаканасынын ачылышы тууралуу кызыктуу маалыматтар бар. Азыр биз сиздерге бул маалыматтарды кыскача айтып бермекчибиз:
Европада басмаканалардын жайыла башташы Мехмед IIнин Осмон мамлекетин бийлеп турган мезгилине, башкача айтканда 15-кылымдын экинчи жарымына туш келген. Басма станоктору Осмон дөөлөтүндө зыяндуу деп эсептелгендиктен эч ким Осмон дөөлөтүнө басма станокторун алып келүүгө батынган эмес. Кээ бир булактарда Султан Мехмедден кийин такка олтурган Байезид II менен андан кийин падыша болгон Султан Селим Iнин басма иши менен алектенгендерди дарга асуу боюнча мыйзам чыгарышканы айтылган. Бирок азырга чейин мындай буйрук жазылган документтер табыла элек. Мындан сырткары Байезид IIнин өкүмдардыгы мезгилинде (15-кылымдын аягында) жөөттөрдүн Стамбулда алгачкы басмаканаларын ачышканы тууралуу маалыматтар бар. Ушул жерде баса белгилей кетчү нерсе, ал мезгилде Осмон дөөлөтүндөгү басмаканаларда арап арибинде китеп басылган эмес.
Бул нерсе Осмон басма тарыхында мындай кызык абалга жол ачкан: Арап ариби менен Европада басылып чыккан китептер Стамбул сыяктуу Осмон дөөлөтүнүн шаарларында сатылган.
Дүйнөдө арап ариби менен алгачкы китеп качан жана кайсыл жерде басылган? Карл Фаулмандын айтканына караганда, дүйнөдө арап арибиндеги алгачкы китеп 1514-жылдын 12-сентябрында Италиянын Фано шаарчасында жайгашкан «Gregorio dei Gregorii» (Грегорио де Грегори) деген басмаканада басылган. Бул басмакана Папа Юлий IIнин жардамы менен курулган эле. «Gregorio dei Gregorii» (Грегорио де Грегори) басмаканасында 1516-жылы Мезамир (забур сүрөөлөрү) китеби арапча жана мындан башка дагы үч тилде басылып чыккан.
1584-жылы Римде Папанын буйругу менен кардинал Фердинанд Медичи тарабынан чыгыштыктардын эмгектерин басуу үчүн атайын басмакана ачылган. Бул басмаканада 1593-жылы Ибн Синанын «Медицина мыйзамдары» (el-Kanun fi’t-Tıb’bı), 1594-жылы Насреддин Тусинин «Tahriri’l-Usulü’l-Öklides» (Тахририл-усулүл-өклидес) деген китептери басылып чыккан. «Италиялыктар эмне үчүн чыгыш тилдеринде китеп баса башташкан?» деген суроо туулбай койбойт. Галланттын пикири боюнча италиялыктардын максаты чыгышка китеп сатуу болгон. Бирок бул пикир башта ишке ашкан эмес. Мусулмандар басылган китептерди сатып алууну каалашкан эмес. Анткени мусулмандар кийинчерээк «Куран-и каримди» да баса башташат; мындай жол ыйык китептерди сыйлабоого жатат деп чочулашкан. Мисалы, 1600-жылдарда Стамбулдагы китепчилерде Ибн Синанын Италияда басылган китеби батыштагы баасынан арзан болгону менен эч ким сатып алган эмес. Ал эми ошол эле китептин колго жазылган нускаларын кымбат баада болгонуна карабай сатып алгандар арбын болгон.
17-кылымда Римде чыгыш тилдеринде христиандар менен миссионерлердин керегине жарай турган гана китептер басылган. Анткени Осмон дөөлөтү күчтөнүп батышка карай жайылганда Европа мамлекеттери осмондордун тилин жана маданиятын таанып-билүүнү зарылдык катары эсептешкен. Христиандар менен миссионерлер үчүн Европада басылган алгачкы китептердин көпчүлүгү түрк тилинин грамматикасы боюнча эле.
Программабыздын башында айтылгандай, Осмон дөөлөтүндө алгачкы басмакананы жөөттөр ачышкан. Кээ бир булактарга караганда, Стамбулда басылып чыккан алгачкы китеп 1488-жылы басылган «Leçons des enfants» аттуу жөөт тилиндеги чакан сөздүк болгон. 1510-1520-жылдары аралыгында Стамбулда тогуз жөөт басмаканасы ачылган. Стамбулда 16-кылымдын экинчи жарымында армяндардын алгачкы басмаканасы ишке киришкен.
17-кылымдын башында Стамбулда жана Осмон дөөлөтүнүн башка шаарларында жөөт, армян жана грек улутундагы элдердин басмаканалары иштей баштаган. Бул басмаканалар техникалык жактан алдыда турган. Басмаканалар калып куюу жолу менен гана иштешкен эмес; тамга тизүү жана китеп басуу ишин мыкты билген өздөрүнүн усталары да болгон.
Осмон падышалары жана башка башкаруучулары «элди козуткан жана арап арибинде болгон китеп баспагыла» деген шарт коюу менен азчылык улуттардын басма иштерине кийлигишкен эмес. Ушундан улам жөөттөр, армяндар жана гректер ренессанстан кийинки Европа менен тыгыз байланыш түзүп, мусулмандардан айырмаланып жашоо стандарттарын жогорулатууга, маданияттарын өнүктүрүүгө аракет кыла башташкан.
Түрктөрдүн алгачкы басмаканасы жаңычылдыкты колдогон падыша Ахмед III менен Дамад Ибрагим паша бийликте турган «Жоогазын доору» мезгилинде ачылган. Алгачкы түрк басмаканасын ачкан киши венгер тектүү Ибрагим Мүтеферрика болгон. Осмон дөөлөтүнүн башкаруучулары түркчө китеп басыла турган басмакананын ачылышына кандайча уруксат беришкен? Алгач Мүтеферрика «Басмакананын пайдалары» аттуу басмакананын пайдалуу тараптарын түшүндүргөн рапортун башкы увазир Ибрагим пашага сунган. Бул рапортунан кийин Мүтеферрика басмакана ачууга уруксат сурап 1727-жылы башкы увазирге арыз катын берген. 1727-жылдын июль айында түрк басмаканасын ачууга уруксат берген буйрук чыккан. Айта кетчү нерсе, бул буйрукта тафсир, хадис, фыкых жана келам китептери басылбаш керек деп баса белгиленген эле. Ибрагим Мүтеферриканын басмаканасында басылган алгачкы китеп «Vankulu Lûgatı» (Ванкулу люгаты), башкача айтканда арапча-түркчө сөздүк болгон. Бул сөздүктүн биринчи тому 1729-жылдын 31-январында жарык көргөн. Ошол эле жылы атактуу осмондук аалым Катип Челебинин «Деңиз согуштары боюнча улуктарга белек» аттуу китеби басылып чыккан. Мүтеферрика басмаканасында өзүнүн жазган жана которгон китептерин да баскан. Ал өмүрүнүн аягына чейин басма иштери менен алектенген жана 23 томдук 17 чыгарманы басып чыгарганга жетишкен. Ибрагим Мүтеферрика 1745-жылы каза болгон.

ТРТ "Түркия үнү" радиосу үчүн Гүлдана Мурзакулова жана Абдрасул Исаков

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар