Китептер баяны-9

Юсуф Акчуранын «Осмон дөөлөтүнүн чөгүү доору (18-19- кылымдар)» аттуу эмгеги.

343017
Китептер баяны-9

Кадырлуу китепкөйлөр, «Китептер баяны» жамаатынын сиздер үчүн даярдаган китеп коллекциясында «Осмон дөөлөтүнүн чөгүү доору (18-19- кылымдар)» аттуу баалуу китеп бар. Бул китеп түркчүлүк кыймылынын белгилүү лидерлеринин бири, казандык ойчул, тарыхчы Юсуф Акчуранын калемине таандык.
«Осмон дөөлөтүнүн чөгүү доору (18-19- кылымдар)» китебинин кайгылуу жазылыш таржымалы бар: «Түрк тарых комитети» тарабынан «Түрк тарыхынын ачкычтары» аттуу томдуктардын даярдалышы боюнча чечим кабыл алынат. Осмон дөөлөтүнүн чөгүү доорундагы тарыхын Юсуф Акчура жаза баштайт. 1935-жылы Акчура каза болуп, баштаган китеби бүтпөй калат. Бирок Акчура китептин Султан Селим IIIнүн доору жөнүндөгү эң маанилүү жерин жазып бүтүргөн эле. Ушундан улам «Түрк тарых комитети» Юсуф Акчуранын бул эмгегин 1940-жылы басып чыгарган. Баса белгилей кетчү нерсе нерсе, Юсуф Акчура «Түрк тарых комитетинин» анык мүчөсү болгон жана комитеттин төрагалык кызматын да аркалаган эле.
«Осмон дөөлөтүнүн чөгүү доору (18-19- кылымдар)» аттуу китеп 174 барактан турат. Китепке тиркелген сүрөт жана карталар Фаик Решит Үнал тарабынан тандалып кошумчаланган.
Урматтуу китеп күйөрмандары, бүгүнкү уктуруубузда Юсуф Акчуранын «Осмон дөөлөтүнүн чөгүү доору (18-19- кылымдар)» деген китебинде Осмон дөөлөтү менен Франциянын мамилелери тууралуу берилген кызыктуу маалыматтарды сиздер менен бөлүшөбүз.

Осмон дөөлөтү менен Франция королдугунун ортосундагы мамилелер Король Франциск Iнин Султан Сулайманга баш паанек сурап кайрылуусу менен 16-кылымда башталган. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер 16-кылымдын аягына чейин достук маанайда уланган жана эки өлкөнүн ортосунда эч кандай согуш болгон эмес. Анткени бул эки өлкөнүн орток душманы Габсбург дөөлөтү бар эле. Душмандары бир болгондуктан Осмон дөөлөтү менен Франциянын кызыкчылыктары бири-бирине төп келген. Ал гана эмес 17-кылымда Людовик XIVнүн Осмон дөөлөтүнө каршы жасаган кээ бир иштери деле Осмон-Франция достук мамилелерин буза алган эмес. Францияда түрк достугу, Осмон дөөлөтүндө француз достугу салттык мамилеге айлана баштаган.
Франция Осмон достугунан саясий жана экономикалык жактан пайдаланган: Франциянын эң чоң душманы болгон Габсбурглар үчүн ар дайым түндүк-чыгыштан Осмон коркунучу бар эле. Ушундан улам Францияга Осмон дөөлөтүнүн достугу керек болчу. Франция экономикалык максаттары үчүн Осмон достугунан кантип пайдаланган? Эми ушул суроого жооп берели. Убагында Осмон дөөлөтү өзүнүн карамагындагы деңиздерде бир гана Франциянын байрагы менен сүзүп жүргөн соода кемелерин тааныган. Ушундан улам Франция чыгыш өлкөлөрүнүн эң чоң соода шериктеши болгон. Батыштагы көптөгөн өлкөлөр соодаларын франция байрагын колдонуп жасап калышкан. Ушул себептерден улам Франциянын тышкы саясатында Осмон дөөлөтү менен достук мамиледе болуу аябай маанилүү болгон. Франция өз соода алкагынын кичирейбеши үчүн Осмон дөөлөтүнүн дүйнөдөгү таасиринин жана чек арасынын кичирейбеши керектигин жакшы билген.
Осмон дөөлөтү 18-кылымда чөгө баштаганда Франция королдугу Осмон дөөлөтүн күчтөндүрүү үчүн аракет кылды. Бирок бул жардамды берип жатканда өзүнүн аймактагы позициясын чыңдап, таасирин күчөттү. «1740-жылкы капитуляция» Франциянын максатын ачык көрсөткөн документ болуп саналат. 18-кылымдын аяк ченинде Осмон дөөлөтүнө эң көп асылган мамлекет Падышалык Россия болгон. Биринчи Түрк-орус согушунда Франциянын Осмон дөөлөтүнө саясий жардамы тийген. 18-кылымдын соңку жылдарында Франциянын ички маселелери күчөп кеткендиктен, белгилүү убакытка чейин эл аралык аренада таасирдүү роль ойной албай калган.
Ошол мезгилде канзаада Селим Франциянын королу Людовик XVI менен мамиле түзгүсү келип, Исхак мырзаны Парижге жиберип, ал аркылуу королго бир канча кат жолдогон. Селим бул каттарында Осмон-Россия согушунда Франциянын Осмон тарабын колдобой, «тарапсыз» болгонуна нааразычылыгын билдирген.

 Селим IIIнүн падышалык доорунда Осмон дөөлөтү менен Франциянын ортосундагы мамилелерге залакасын тийгизген окуялар болгон.
Селим III тактыга чыккан 1789-жылы Францияда ыңкылап болуп, бунун таасири Стамбулга чейин келип жеткен. Бирок Франциядагы ыңкылапты жараткан пикир жана иш-чаралар Осмон дөөлөтүндө жашаган кишилердин өтө аз гана бөлүгүнө белгилүү болгон. Франциядагы ыңкылап жайылып, ыңкылапчылардын Бастилияны басып алышкандыгы тууралуу маалымат Стамбулга жеткенде Стамбулдагы француздардын айрымдары баштарына үч түстүү кокарда тагып майрамдашкан.
Султан Селим өлкөсүн реформалоо менен алек болгондуктан Франциядагы окуяларга жана Франция менен кээ бир Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы согуштарга кийлигишкен эмес. Франциянын Стамбулдагы элчилигинде өткөрүлгөн республиканы куттуктоо шаан-шөкөттөрүнө да маани берген эмес.
Осмон дөөлөтү Францияны досу катары көргөнү менен Франция директориясы бул достукка туура келбей турган иш аракеттер жасай баштаган.
Генерал Бонапарт 40-50 миң жоокери түшкөн кемелери менен 1798-жылдын 30-июнунда Осмон дөөлөтүнүн карамагында болгон Египетке келип, жоокерлерин жээкке чыгарган. Бонапарттын бул иши Осмон-Француз мамилелерин бузган. Франция директориясынын өз генералын Египетке жибериши Франциянын Осмон дөөлөтү менен согушууга даяр экендигин көрсөткөн. Султан Селим III өлкөсүндө жүргүзүп жаткан реформаларды улантуу үчүн согушкусу келген эмес. Ушундан улам Францияга каршы дароо согуш жарыяланган эмес. Анын үстүнө Осмон дөөлөтүнүн аскердик даярдыгы да начар эле. Султан Селим Францияга каршы уюштурулган «Экинчи шериктештикке» кошулууну туура тапкан. Осмон дөөлөтү Англия, Россия жана Наполи менен келишим түзгөн. Египет 3 жылдай Франциянын оккупациясынын алдында калгандан кийин «Экинчи шериктештиктин» жардамы менен кайтарылып алынган.
Кадырлуу китепкөйлөр, Юсуф Акчуранын китебиндеги маалыматтарга караганда, Бонапарт Сирияны, Индияны басып алууну; Стамбулду алып түрктөрдү ал жерден кууп чыгып, андан кийин Францияга кайтууну максат кылган. Кайтып баратканда Австрия дөөлөтүн да кыйратууну каалаган. Бонапарт ушундай жеңиштерге жетишип жүргөнүмдө Франция директориясы кыйрайт, ошондо өлкөмө мекенди куткаруучу болуп кайтамын деп ойлогон. Бирок ал Осмон дөөлөтү боюнча алдыга койгон максаттарын ишке ашыра алган эмес.

ТРТ Түркия үнү радиосу үчүн, Гүлдана Мурзакулова жана Абдрасул Исаков.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар