Китептер баяны-8

Сүхейл Үнвердин «Илим жана искусство тарыхыбызда Фатих Султан Мехмед» аттуу эмгеги.

373511
Китептер баяны-8

Кадырлуу китепкөйлөр, 1453-жылы Стамбулду каратып алган Осмон падышасы Мехмед IIнин китептерди жана китепканаларды аябай жакшы көргөнүн билет белеңиз? Бул падышанын топтогон китептеринин айрымдары азыркы күнгө чейин жетип, Стамбулдагы китепкана жана музейлерде сакталып турат. Фатих Султан Мехмеддин илимге болгон кызыгуусун аябай мыкты чагылдырып берген эмгек «Илим жана искусство тарыхыбызда Фатих Султан Мехмед» аттуу китепче болуп саналат. Бул эмгек түрк окумуштуусу профессор Сүхейл Үнвердин калеминен чыккан. «Илим жана искусство тарыхыбызда Фатих Султан Мехмед» 1953-жылы «Факультеттер» басмаканасынан басылып чыккан.
Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында Сүхейл Үнвердин «Илим жана искусство тарыхыбызда Фатих Султан Мехмед» аттуу китепчесинде берилген кызыктуу маалыматтарды сиздер менен бөлүшөбүз.
 Мехмед II Султан Мураддын уулу эле. Сүхейлдин пикирине караганда, кээ бир тарыхый булактарда сербиялык принцесса Мара Мехмеддин энеси деп туура эмес көрсөтүлүп калган. Бурсадагы юридикалык летопистерде Мехмеддин энесинин Хүма Хатун экендиги жана Мехмеддин 1432-жылы Эдирне шаарында туулгандыгы жазылган. 1449-жылы Фатих Мехмед 18 жашка чыкканда энеси каза болгон.
Мехмеддин кичинекей кезинде окуганга кызыкпагандыгы тууралуу маалыматтар бар. Атасы Султан Мурад II мураскор боло турган уулунун окуганга кызыкпаганына кабатыр болгон. Султан Мураддын өзү болсо ыр жазган, илимге кызыккан киши эле. Ал баласы жашаган губернияга мугалимдерден тандап жиберип турган, канзаада болсо келген мугалимдер менен тил табыша алган эмес. Ошентип падышанын бул аракети натыйжасыз калган.
Канзаада жылдардын биринде ажылыкка барат. Ажылыктан кайтып келе жатып ошол мезгилдеги илимдин борборлорунан бири болгон Египетке учурайт. Ал жерде окуусун жаңы аяктаган жаш мугалим Гүрани менен таанышып калат. Канзаада Мехмед бул жаш мугалимди жактырып Анадолуга чакырат. Молдо Гүрани бул сунушту кабыл алып, Бурсага чогуу келишет. Экөө падыша Султан Мурадга зыяратка барышканда Гүрани ичкери кирбей сыртта калат. Султан Мурад уулунан ажылыктан кандай белек алып келгенин сураганда, уулу Мехмед эшикте күтүп турган Гүранини чакырып, атасы менен тааныштырат. Молдо Гүрани менен пикир алышкан Султан Мурад аны аябай жактырып калат. Жаштыгына карабай абдан илимдүү экендигине таң калат. Баласынын куранды деле жакшылап окушту билбегендигин өкүнүү менен билдирген падыша Гүранини канзааданын мугалими кылып дайындайт. Канзаада Мехмед тартипти катуу кармаган Молдо Гүраниден сабак алып, кыска убакытта көп нерсени үйрөнөт жана илимге болгон кызыгуусу ойгонот.
Мехмед 1443-жылы 14 жаш курагында салтанатка көп кызыкпаган, тынч жашоону жактырган атасы Султан Мурад II нин ордуна такка чыгат. Мехмед II такка чыккандан кийин мамлекеттин тышында кээ бир баш аламандыктар башталат. Ушундан улам Мехмед атасын кайрадан падышалыкты колго алууга чакырат. Падышалыкты атасына өткөрүп берген Мехмед Манисаны башкарып калат. Манисада убактысынын көбүн илимге арнайт. Бардык илимдерди мыкты үйрөнөт. Молдо Хүсрев сыяктуу аалымдардын жардамы менен илим дүйнөсү сыймыктана турган инсан болуп чыгат. Ал китеп жана китепкана дүйнөсүнө катуу берилгендиктен Манисада жеке китепканасын түзүп, баалуу китептерди топтой баштаган. Анын чоң атасы Челеби Султан Мехмед дагы китеп менен китепканага кызыккан киши болгон. Атасы Султан Мураттын да мыкты китептерден турган жеке китепканасы бар эле.
Султан Мехмед II 1451-жылы экинчи жолу такка чыккандан кийин китепканасын атасынын китептери менен байыткан. Падышалык кылып турган кезинде көптөгөн китептерди катчыларына кайрадан жаздырып чыгып алардын нускасын көбөйттүргөн. Ал нускаларын көбөйттүргөн баалуу китептердин көпчүлүгү табигый жана так илимдерге тиешелүү китептер болгон. Султан Мехмед топтогон китептердин арасында медицина, зоология, биология тармагындагы китептер, Евклиддин математика китеби, Аристонун чыгармалары, философтордун өмүр баяндарын чагылдырган китептер бар эле.
Фатих Султан Мехмед көп тил билген. Фатих арапчаны аябай жакшы үйрөнгөн. Анын китепканасындагы китептердин дээрлик бардыгы арапча жазылган китептер болгон. Китепканасында парс тилинде жазылган китептер дагы болгону менен алардын саны азыраак эле. Мехмед II чыгыштан келген жана парс тилин билген аалым жана акындар менен сүйлөшө алгыдай деңгээлде парсча билген десек болот. Фатих Султан Мехмед парс адабиятын мыкты билген акын болгон. Анын мыкты жазылган «диваны» бар. Албетте, Мехмед II түркчөнү да эң жакшы билген. Мындан сырткары латын, грек, славян тилдерин, ал гана эмес жөөт тилин билгендиги айтылып келет.
Султан Мехмед II тарых тармагына да аябай кызыккан. Арагон ханына 1453-жылы билдирилген маалыматта Султан Мехмеддин жанында латынча жана грекче билген эки аалымдын бар экендиги жана алардын падышага эски доор тарыхы боюнча сабак беришкендиги айтылат.
Фатих Султан Мехмед илимпоздорду аябай сыйлаган. Илимпоздорду чогултуп, илимий маселелер боюнча талкуу өткөргөндү аябай жактырчу. Ал Осмон дөөлөтүнүн чыгышында жашаган Али Кушчу, Али Туси сыяктуу күчтүү илимпоздорду мамлекетине чакырып, аларга илим үчүн керектүү шарттарды түзүп берген.
Султан Мехмед II Стамбулду каратып алганынан бир күн өтүп өтпөй эле шаарда илим, исскуство жана реставрация иштерине киришкен. Бул нерсе Фатихтин илимге карата мамилесин чагылдырып турат. Мехмед II атайын имарат болбосо илимдин дагы болбой тургандыгын жакшы аңдап билгендиктен, илимпоздордун иштерин жеңилдетүү үчүн атайын илимий борбор (күллийе) курдурган. Бул даңазалуу илимий комплекстин ичинде медресе, ашкана, мончо, оорукана жана башка мекемелер болгон. Ал доордо Фатихтин ушундай илимий борбору сыяктуу жай дүйнөнүн эч бир жеринде болгон эмес.
Султан Мехмеддин илимге карата сый-урматы искусство тармагына да таасирин тийгизген. Ал тарых жана маданият эстеликтерине аябай маани берген. Ушуга байланыштуу бир окуяны айтып өтөлү: Султан Мехмед Стамбулду каратып алгандан төрт күн өткөндөн кийин «Ыйык София» чиркөөсүнө келгенде чиркөөдөгү кооз буюмдарды сууруп олжо катары алганы жаткан жоокерди көрөт, аны таягы менен уруп: «Аны бузганга кандай акың бар?» - деп тыйган экен.
Ал чындап эле искусствого аябай аяр мамиле кылган. Кансарайда кол өнөрчүлүк устаканасын ачтырган. Ал жерге Эдирне жана Анадолудан «менмин» деген уста сүрөтчү, бедизчи жана колу сулуу катчыларды алдырып келген. Ошунтип ал кансарайында өз доорунун «искусство академиясын» түзгөн. Фатих ал жерде китеп каптан курал жарактарга, кездемеден чыныларга чейинки ар түрдүү буюмдардын эң сонундарын жасаткан.
Кадырлуу китепкөйлөр, «Илим жана искусство тарыхыбызда Фатих Султан Мехмед» аттуу эмгекте айтылгандай, Фатих Султан Мехмед өлгөнгө чейин илим менен алектенген.

ТРТ Түркия үнү радиосу үчүн, Гүлдана Мурзакулова жана Абдрасул Исаков.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар