Китептер баяны-6

«Селим IIIнүн хатты хумаюндары» аттуу китеби тууралуу.

336071
Китептер баяны-6

Урматтуу китеп күйөрмандары, Осмон дөөлөтү 600 жыл өкүм сүргөн мамлекет болуп саналат. Ушул 600 жылдык мезгил аралыгында Осмон тактына 36 падыша чыккан. Бул падышалардын бири Селим III болгон. Селим III 1789-жылдан 1807-жылга чейин Осмон дөөлөтүндө бийлик жүргүзгөн. Султан Селим Осмон дөөлөтүн жакшы ниет жана тайманбастык менен жаңылануу, оңдолуу жолуна салган падыша катары тарыхта калган.
Түркияда Селим III жөнүндө бир нече китеп жазылган. Селим IIIнүн өмүр таржымалын баяндаган маанилүү эмгектердин бири «Селим IIIнүн Хатты Хумаюундары» аттуу китеп болуп саналат. Бул китеп белгилүү түркиялык тарыхчы Энвер Зия Каралдын калеминен жаралган. «Селим IIIнүн Хатты Хумаюундары» китеби алгачкы жолу 1942-жылы басылып чыккан. «Түрк тарых коому» 1999-жылы китептин экинчи басылышын окурмандарга тартуулаган.
Кадырлуу китепкөйлөр, «Китептер баяны» программасынын бүгүнкү чыгарылышында Энвер Зия Каралдын «Селим IIIнүн Хатты Хумаюундары» аттуу китебин барактап, андагы маанилүү жана кызыктуу маалыматтарды сиздер менен бөлүшөбүз.

Энвер Зия Карал «Селим IIIнүн Хатты Хумаюндары» аттуу китебин Султан Селим IIIнүн канзаадалык мезгилин жана такка чыгыш таржымалын баяндоо менен баштайт.
Селим III 1761-жылы жарык дүйнөгө келген. Атасы Мустафа III 40 жыл гаремде жана кансарайдын «капас» деген бөлүгүндө өмүр өткөргөндөн кийин, Осмон IIIнүн өлүмүнөн кийин бош калган Осмон дөөлөтүнүн тактына чыккан. Мустафа III кыраакы, адилеттүү жана сарамжалдуу падыша болгон.
Селимдин мыкты таалим-тарбия алышына энеси көңүл буруп, көп эмгек жумшаган. Селимдин энеси Михришах Султан олжо катары келген грузин кызы болгон. Михришах Султан аябай сулуу, кичи пейил, назик инсан эле. Султандын бул өзгөчөлүктөрүнөн замандашы болгон акындар илхам алып, ырларды жаратышкан.
Канзаада Селим III атасынын талыкпастыгы менен энесинин сезимталдыгын мурастап алган болчу. Канзаада алгач Осмон кансарайындагы уламалардан билим алган. Селим III беш жашка чыкканда аны ак менен караны ажыратканга жарап калды дешип, ага куран үйрөтө башташкан. Селим 4 жылдан кийин ыйык Куранды жатка билип калган.
Атасы Мустафа III 1774-жылы каза болуп, анын ордуна атасынын бир тууганы болгон Абдулхамид I такка чыккан. Селим III сарайдагы эң улуу канзаада катары тактын мураскери болуп калган.
Ушундан кийин Cелим III кансарайдын «капас» деген бөлүгүндө туткундай болуп жашай баштаган. Кансарайдын адатына ылайык тактын мураскеринин баскан турганыны көзөмөлгө алынган. Анын бактысына абасы Абдулхамид Iдин мүнөзү жумшак болгондуктан Селим «капаста» көп деле кыйналган эмес. Селим ал жерде билим алууну уланткан жана ошондой эле Крымдык Ахмед Хамди эфендиден музыка сабагын алып, Ортакөйлүк Исхактан «тамбур» деген кылдуу аспапты черткенди үйрөнгөн.
Селим III ыр жазууга да аябай кызыккан, ал 200 барактык ыр жыйнагын жазган. Андан сырткары Селим бош убактысында кол өнөрчүлүк менен да алектенген. Ал падышалардын наамына чыгарылган акчаларды коллекциялагынды жана өзү такка чыкканда өз наамына кандай акча бастырып чыгара тургандыгын пландоону жактырчу.
Селим өзү менен жолугуу үчүн келген кишилерден мамлекеттин ичиндеги жана сыртындагы окуялар боюнча маалымат топтогонго аракет кылчу. Мамлекеттин абалынын начар экендигин укканда кабагы түйүлчү. Селим ойноп-күлүүнү эмес, калкы үчүн талыкпай эмгектенүүнү самаган. Ал такка чыгаарына катуу ишенгендиктен, падыша болгондо жасай турган иштеринин пландарын даярдаган. Селим атасы сыяктуу эле орустарды душманым, француздарды досторум деп эсептеген. Ал Франциянын королу Людо́вик XVI менен кат алышып турган.
Мураскер Селим кансарайдын «капас» деген бөлүгүндө өлкөсүнүн келечеги үчүн пайдалуу саясий пландарды түзүп жүргөн убакта Осмон дөөлөтү Австрия жана Россия менен согушуп жаткан эле. Осмондуктар Крымды кайтарып алуу үчүн Россияга согуш жарыялаган болчу. Осмон армиясы согуштун башында көп жеңилүүлөргө дуушар болду. Калк армиянын ийгиликсиздиги үчүн ошол мезгилдеги падыша Абдулхамит Iди күнөөлөшкөн. Абдулхамит Iди тың эмес, алсыз падыша деп эсептешкен. Карапайым калк гана эмес, мыкчыгерлер да «падышабыз тыңыраак болгондо мындай болбойт эле» деп кеп чыгара башташкан. Абдулхамит I орустардын «Өзи» деген сепилди басып алганын укканда шал болуп, каза тапкан. Ошентип «капаста» 15 жыл бою падыша болууну күткөн Селим III такка чыккан. Селим III падыша болгондо 28 жашында эле. Селимдин такка чыгышына Осмон дөөлөтүндөгү калктын баары аябай кубанган. Осмон армиясы менен калкы жаңы падышадан көп нерсени үмүт кылышкан.

Селим III падыша болгон мезгилде Осмон армиясынын абалы жакшы эмес болчу. Ошол мезгилде Осмон дөөлөтүнүн эки чоң душманы деп эсептелген Россия менен Австрияга каршы Осмон армиясы ийгиликтүү согуша албай жаткан эле. Ушундан улам жана ошондой эле Англия менен Пруссиянын тынчтык келишимине катуу ортомчулук кылышынан улам Осмон дөөлөтү 1790-жылдын сентябрь айында Австрия менен тынчтык келишимин түзгөн. 

Осмон армиясынын башында турган кишилер Россия менен да тынчтык келишими түзүлүшү керек деп эсептешкен. Анткени армияда тартип калбай калган болчу. Йеничерилер, башкача айтканда Осмон аскерлери эч кимдин буйругуна кулак салышкан эмес, армиянын буюмдарын талап-тоношкон; карапайым калкка зулум көрсөтүп, армиядан кача башташкан. Бирок Селим III Россия менен тынчтык келишимин түзгүсү келген эмес. Ал армияга жиберген буйруктарында «Крымды орустардан алганга чейин Осмон дөөлөтүнүн эң негизги душманы болгон Россия менен тынчтык келишими түзүлбөйт» деп баса белгилеген. Бирок армиядагы баш аламандык Селим IIIнүн Крымды кайтарып аламын деген үмүтүн өчүргөн. Ошентип Россия менен Осмон мамлекетинин ортосундагы тынчтык келишимине 1792-жылдын 9-декабрында Йаш жергесинде кол коюлган. Ошентип орус-түрк согушу токтогон. Австрия менен Осмон Дөөлөтүнүн «Систова» деген тынчтык келишимине ылайык Осмон дөөлөтү Валахия менен Молдованын кайрып алганы менен Оршованы Австрияга беришке мажбур болгон. Осмон дөөлөтү менен Россия тарабынан кол коюлган «Йаш» тынчтык келишимине ылайык Осмон дөөлөтү менен Россиянын жаңы чек арасы Днестр болуп калган. Осмон дөөлөтү бул келишимдерге кол коюу менен өзүнүн карамагындагы жерлерден ажыраган. Ошентип Осмон дөөлөтүнүн эл аралык аренада аброю төмөндөгөн. Бул жоготуулардан катуу запкы жеген Селим III Осмон дөөлөтүн реформалоого белсенип киришкен. Селим IIIнүн бул реформалары «Низамы жедит» деген ат менен таанылган. Султан Селим өлкөсүндө реформа жасабаса, Осмон дөөлөтүнүн кыйрап калаарын анык көргөн эле. Йеничери деген осмондук аскерлер Селимдин аскердик реформа аракеттерине каршы болушкандыктан Кабакчы Мустафанын башчылыгында көтөрүлүш чыгарышып, Селим IIIнү тактан түшүрүшкөн. Селим III тактан түшүрүлгөндөн көп өтпөй эле сарайда өлтүрүлгөн.
Кадырлуу китепкөйлөр, Энвер Зия Карал «Селим IIIнүн хатты хумаюндары» аттуу китебинде Селим IIIнүн реформалары жөнүндө кеңири маалымат берген эмес, ал китебинин кийинки томунда Селимдин жаңычыл иш-аракеттерин баяндап берээрин жазган. Энвер Зия Карал китебинин калган бөлүмдөрүндө Селим III доорунда болгон Осмон-Француз согушу, 1806-жылы кайрадан башталган Осмон-Орус согушу жана Селим III доорундагы көтөрүлүштөр тууралуу маалымат берген.

ТРТ Түркия үнү радиосу үчүн, Гүлдана Мурзакулова жана Абдрасул Исаков

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар