Китептер баяны-5

Осман Көсенин «1774-жылдагы Кичи Кайнаржа тынчтык келишими» аттуу китеби.

324777
Китептер баяны-5

Кадырлуу китепкөйлөр, «Китептер баяны» программасынын жамааты катары сиздер үчүн өзгөчө китеп коллекциясын даярдаганыбыз эсиңиздерде болсо керек. Бул тууралуу алгачкы уктурууларыбызда айтып өткөн элек. Сиздер үчүн даярдаган китеп коллекциябыз Түркиянын тарыхы, экономикасы, маданияты, саясаты жана социалдык абалы тууралуу жазылган маанилүү китептерден турат. Биз эки жумада бир жолу китеп коллекциябыздан бир китепти тандап алып, ал китепти окуп чыгып, китептеги маанилүү жана кызыктуу маалыматтарды сиздерге баяндоону улантабыз.
Бүгүнкү уктуруубуз үчүн тандалып алынган китеп «1774-жылдагы Кичи Кайнаржа тынчтык келишими» деп аталат. Бул китеп түркиялык илимпоз Осмон Көсенин калемине таандык. «1774-жылдагы Кичи Кайнаржа тынчтык келишими» китеби «Түрк тарых коому» тарабынан 2006-жылы басылган. Китеп 402 беттен турат.

 Урматтуу китеп күйөрмандары, Осмон Көсенин «1774-жылдагы Кичи Кайнаржа тынчтык келишими» аттуу китебинин негизги темасы Осмон дөөлөтү менен Падышалык Россиянын ортосунда 1768-1774-жылдар аралыгында болгон согуш жана ушул согуштун аягында кол коюлган «Кичи Кайнаржа тынчтык келишими» болуп саналат. Осмон Көсе китебинин кириш сөзүндө 16-кылымдан Катерина II нин бийликке келишине чейинки мезгил аралыгында Осмон дөөлөтү менен Россиянын ортосундагы мамиленин кандай болгондугун кыскача баяндаган. Андан соң 1768-1774-жылдардагы Осмон-Россия согушун жана согуштан кийин «Крым маселесинин» кантип чыкканын ийне-жибине чейин түшүндүрүп берген.
Азыр сиздер менен Осмон Көсенин китебиндеги маанилүү маалыматтарды бөлүшмөкчүбүз:
Россиянын, башкача айтканда Москва княздыгынын Осмон түрктөрү менен алгачкы байланыштары соода-сатык тармагы боюнча болгон. 16-кылымда башталган бул мамилелер кат алышуу жана элчилердин келип-кетүүсү түрүндө жүргүзүлгөн. Осмон бийлигиндегилер Казань жана Астрахан кандыктарын басып алууну көздөгөн Россияны токтотуу үчүн тиешелүү чараларды көргөн эмес. Анткени, ал кезде Осмон дөөлөтү орустарды кооптуу душман деп эсептешкен эмес. Дондук казактар 1637-жылы падышалык Россиянын жардамы менен «Азак» сепилин басып алган, бирок 1647-жылы сепилди бошотуп кетүүгө мажбур болушкан. Ушул окуядан кийин Осмон дөөлөтү менен Россиянын ортосундагы мамилелер саясий жана аскердик формага өткөн. Осмон түрктөрү орустар басып алган «Чехрин» сепилин кайтарып алуу үчүн 1678-жылдын 11-апрелинде Россияга согуш жарыялашкан. Натыйжада 1681-жылдын 13-февралында «Бахчасарай келишимине» кол коюлган. Пётр Iдин өлкөсүнүн чек араларын жылуу деңиздерге чейин жеткирүү кыялы бар эле. Ушундан улам Пётр I Осмон дөөлөтүн талкалап жок кылууну абдан каалаган. Бул максатын ишке ашыруу үчүн 1686-жылы христиан мамлекеттер тарабынан курулган «Ыйык биримдикке» кошулган. Россиянын 1697-жылы Крымга жасаган чабуулу ийгиликсиз болгон. Ошол эле жылдын 26-июлунда «Азак» сепилин басып алган. Бул нерсе Россиянын Осмон дөөлөтүнө каршы күрөшүп жетишкен алгачкы согуштук ийгилиги эле. 1700-жылы эки мамлекет «Стамбул келишимине» кол коюшкан. Келишимге ылайык «Азак» сепили Россияга калтырылып, Стамбулда Россиянын элчилиги ачылган. Бул нерсе Осмон дөөлөтүнүн оор жеңилүүгө учурагандыгын көрсөткөн. Россиядан жеңилүү башкаруучуларды гана эмес, калктын да маанайын аябай чөгөрткөн.
Осмон дөөлөтү алдырып жиберген аймактарын кайтарып алуу жана мамлекеттин аброюн калыбына келтирүү үчүн материалдык жана аскердик даярдыктарын көрө баштаган. Ошол кезде Швециянын королу Карл XII «Полтава» согушунда Россияга жеңилип, Осмон дөөлөтүнө качып келген эле. Королду кубалап келген орус аскерлери Осмон дөөлөтүнүн чек араларына кол салгандыктан Осмон дөөлөтү Россияга согуш жарыялаган. 1711-жылдын 8-июлунда башкы вазир Балтажы Мехмед паша жетектеген Осмон армиясы Пётр I баштап келген Россия армиясын Прут дарыясынын жээгинде оор жеңилүүгө учураткан. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында «Прут тынчтык келишимине» кол коюлган. Бирок Пётр I өлкөсүнө кайткандан кийин келишимдин шарттарын аткаруудан баш тарткан. Осмон дөөлөтү кайрадан согушка даярдана баштаганда Англия менен Голландиянын элчилери ортого түшкөн. Натыйжада «Прут тынчтык келишиминдеги» беренелерди камтыган «Эдирне келишимине» 1713-жылы кол коюлган.
Осмон дөөлөтү менен согушуунун оңой эместигин түшүнгөн Россия өз көңүлүн Балтика деңизине бурган. Орустар Балтиканы алгандан кийин Кавказ аймагын басып алууга аракет кыла башташкан. Ошол кезде Осмон дөөлөтү Иран менен согушуп жаткан эле. Мына ошентип Россия менен Осмон дөөлөтү кайрадан Кавказда бетме-бет келишип, натыйжада Ирандын территориясын бөлүп алуу боюнча келишимге кол коюшкан. «Прут» жана «Эдирне» келишимдерин кабыл алгысы келбеген Россия, Осмон дөөлөтүнүн күчсүз болоор мезгилин күтө баштаган. Осмон дөөлөтүнүн Иран менен согушуп жаткандыгынан пайдаланган орустар Австрия менен биргелешип 1736-жылы Осмон дөөлөтүнө согуш жарыялаган. Кандай аракет кылса да Россия ийгиликке жеткен эмес жана Франциянын ортого түшүүсү менен 1739-жылы «Белград тынчтык келишимине» кол койгон. Кол коюлган келишимге ылайык Россия Кара деңизден флотун чыгарган; «Азак» сепили жыгылып эки мамлекеттин жаңы чек арасы болуп калган. «Белград тынчтык келишими» Осмон дөөлөтү үчүн пайдалуу келишим болгон.
Россия 1739-жылдан 1768-жылга чейин өкүм сүргөн тынчтык абалдан пайдаланып батыштын аскер жана соода тармагындагы жаңычылдыктарын өзүнө сиңирип алууга жетишкен. Орус бийлиги өз армиясына батыштын согуштук техникаларын колдонто баштаган, жана өнөр-жайын Европа стандарттарына жеткирүү үчүн жан үрөп аракет кылган. Натыйжада Россиянын көптөгөн аймактарында курал-жарак, согушка керектүү буюм-тайым, ок-дары жасаган чакан ишканалар салынып, согуш жана соода кемелери жасала баштаган. Катерина II бийликке келгенден кийин бул жаңылануу иштери мурдагыдан да ылдам жүргүзүлө баштаган. Катерина «Пётр Iдин керээзи» катары белгилүү болгон Россиянын «сыртка жайылуу» саясатын жан дили менен колдоп, бул саясатты ишке ашыруу үчүн бардык күчүн жумшаган. Жаңы каныша Осмон дөөлөтүн кыйратуу үчүн жаралган болуп иш жүргүзгөн. Катерина 1763-жылы такка чыккандан баштап Осмон дөөлөтү үчүн Россия тараптан келе турган коркунучтар көбөйө баштаган. Катерина Осмон дөөлөтүнө дароо чабуул жасаган эмес. Оболу Польшанын ички иштерине кийлигишкен. Эл аралык келишимдерди бузуп, Польшага аскерлерин киргизип, Польшаны басып алууга киришкен. Россиянын Польшадагы мыйзамсыз иштерин эгемендүүлүгүнө кол салуу катары кабыл алган Осмон дөөлөтү 1768-жылы Россияга согуш жарыялаган.
Осмон дөөлөтү кырк жылга жакын эч бир мамлекет менен согушпагандыктан Осмон армиясынын согуш тажрыйбасы жок эле. 18-кылымда Европадагы өлкөлөр соода-сатык жана өнөр-жай тармагында жаңы ийгиликтерге жетишип, бери эле дегенде согуштук техникаларын жаңылоого аракет кылып жатканда Осмон дөөлөтү буларды ойлонуп дагы койгон эмес. Ошентип, тышкы дүйнө менен байланышы начар, көптөгөн убакыттан бери согуш тажрыйбасы болбогон жана жөндөмсүз кишилер тарабынан башкарылып калган Осмон дөөлөтү, батыштын аскердик жаңычылдыктарын өздөштүрүүнү каалаган жана жылуу деңиздерге жетүүнү өзүнүн тышкы саясатынын негизги идеологиясы катары көргөн Россия менен бетме-бет келген. Беш жылга жакын убакытка созулган согуштун натыйжасында Осмон дөөлөтү жеңилүүгө дуушар болуп, 1774-жылы «Кичи Кайнаржа тынчтык келишимине» кол койгонго мажбур болгон.
Россия Осмон дөөлөтүнүн мынчалык оңой кыйрап калаарын күткөн эмес. Ал гана эмес, Европадагы мамлекеттер да Осмон дөөлөтүнүн Россияга жеңилишине таң калышкан жана Осмон дөөлөтү боюнча пландарын жаңыдан карап чыга башташкан. Ошентип «Кичи Кайнаржа тынчтык келишимине» кол коюлгандан кийин Россия жана Европадагы башка мамлекеттер Осмон дөөлөтүнүн территориясын басып алуу үчүн пландар түзүп, жыйындар өткөрүп, союздаш издөөгө киришишкен. Бул иш-чаралардын орток максаты мусулмандарды акырындап Европадан, Балкандан, Стамбулдан жана акыр аягында Анадолудан кубалап чыгуу болгон. Россия «Кичи Кайнаржа тынчтык келишимине» кол коюлгандан кийин мурдагы мажирөөлүгүнөн арылып, дүйнөлүк саясатка багыт берген, эл аралык мамилелерде сөзү өтүмдүү мамлекетке айланган.
Кадырлуу китепкөйлөр, программабыздын бүгүнкү чыгарылышын аяктап жатып, Осмон Көсенин «1774-жылдагы Кичи Кайнаржа тынчтык келишими» аттуу китебинде Россия-Түркия мамилелеринин тарыхы мыкты чагылдырылганын баса белгилей кеткибиз келет.
ТРТ Түркия үнү радиосу үчүн, Гүлдана Мурзакулова жана Абдрасул Исаков


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар