Китептер баяны-3

«Осмон дөөлөтүнүн тарыхы» китебинин 3- томунун 1-бөлүгү тууралуу.

380583
Китептер баяны-3

Урматтуу китеп күйөрмандары, Осмон дөөлөтүнүн тарыхы боюнча мыкты илимий эмгектерди калтырган түрк тарыхчыларынын эң алдыңкы катарында Исмаил Хаккы Узунчаршылы турат. 1888-1977-жылдары өмүр сүргөн профессор Узунчаршылы Осмон дөөлөтүнүн тарыхын так жазууга чоң маани берген. Ал өз өмүрүн Осмон тарыхын изилдөөгө жана таанытууга арнаган.
«Түрк тарых уюму» тарабынан 9 том болуп басылган «Осмон дөөлөтүнүн тарыхы» китебинин алгачкы 4 томун Исмаил Хаккы Узунчаршылы жазган. Бул китептин 3-тому менен 4-тому 2 чоң бөлүктөн турат. Ар бир бөлүк өзүнчө китеп түрүндө басылып чыгарылган. Узунчаршылынын калемине таандык бул 4 томдук китепте Осмон дөөлөтүнүн түптөлүшүнөн 18-кылымдын аягына чейинки тарыхы баяндалат. Биз бүгүнкү программабызда «Осмон дөөлөтү тарыхы» китебинин 3-томунун 1-бөлүгүнө көз жүгүртөбүз.

Кадырлуу китеп күйөрмандары, Узунчаршылынын «Осмон дөөлөтү тарыхы» китебинин 3-томунун 1-бөлүгү 652 беттен турат. Бул томдо 16-кылымдын экинчи жарымынан 17-кылымдын башына чейин Осмон дөөлөтүнүн тагына чыккан падышалар боюнча маанилүү маалыматтар берилген. Бул маалыматтарды, кыскача, сиздер менен бөлүшө кетели:

Султан Сулайман каза болгондон кийин Осмон дөөлөтүнүн падышасы болуу Селим IIге насип болгон. Султан Сулайман менен Хүррем Султандын уулу болгон Селим 1524-жылы туулган. Селим орто бойлуу, сакалы жана чачтары коюу сары, көздөрү көк болгондуктан аны апасы Хүрремге окшоштурушкан. Келбетине карап аны «Султан Сары Селим» деп аташкан. Селим 44 жашка чыкканда падыша болгон. Селим оюн-зоокту аябай жакшы көргөн. Ал аскерлерди баштап жортуулга чыккан эмес. Ушундан улам Селимди жортуулга чыкпаган Осмон падышаларынын эң биринчиси деп атоого болот. Султан Селим сегиз жылдык салтанатын башкы вазири болгон күйөө баласы Сокуллу Мехмед пашанын мамлекеттик иштерди мыкты жүргүзүүсүнөн улам кыйынчылыксыз, оюн-зоок менен өткөргөн. Селим II сарайында жаңы салдырган мончосун кыдырып жүрүп, буту тайып жыгылып, төшөктөн турбай катуу ооруп каза болгон.
Селим каза болгондо 57 жашта эле. Анын тун уулу Мурад ошол кезде Маниса санжагын башкарып турган болчу. Башкы вазир Сокуллу Мехмед паша ага кабар жиберип, такка чыгышын сунуштаган. Селимдин Мураддан башка дагы беш уулу болгон. Фатих Султан Мехмед тарабынан киргизилген мыйзамга ылайык, Мураддын беш иниси муунтуп өлтүрүлгөн. Беш канзааданын сөөгү аталары Султан Селимдики менен бир күндө Айа-София мечитинин жанындагы күмбөзгө коюлган. Султан Мурад такка чыккандан кийин да анын жездеси болгон Сокуллу Мехмед паша башкы вазирлик кызматын жүргүзүүнү уланткан. Султан Селим доорунда Сокуллу мамлекеттин бардык иштерин өзү жүргүзүп келген болсо, Султан Мурад III падыша болгондон кийин абал өзгөргөн. Мурад III мамлекеттин бардык иштери боюнча чечим кабыл алууну өз атасы сымал башкы вазирге гана берип койгон эмес. Бирок Мураддын эрксиз, башкалардын таасирине бат кирген мүнөздө болушу мамлекеттик иштерге аялдарынын жана кызматчыларынын жөнү жок кийлигишүүсүнө шарт түзүп, натыйжада мамлекеттик тартип жана эрежелер бузулган. Өзгөчө, Сокуллу Мехмед өлгөндөн кийин мамлекеттик иштер аябай аксаган. Султан Мурад 1574-1595-жылдар аралыгында 21 жыл такта олтурган. Анын атасы сейрек да болсо Эдирнеге барып келип турган. Мурад болсо өкүмдарлык жылдарында Стамбулдан, алтургай кийинчерээк сарайынан сыртка чыккан эмес. Султан Мурад акындык шыкка эгедер болгон. Ал «муради» лакабын колдонуп, түркчө, арапча жана фарсча ырлар жазган. Ошондой эле Мурад III сопу болгон, анын суфизм багытындагы «Футухат-и сыйам», «Эсрарнааме» аттуу эки чыгармасы бар.
Султан Мурад каза болгондон кийин анын тун уулу Мехмед III падыша болгон. Султан Мехмед III сегиз жыл бийлик жүргүзгөн. Мехмед каза болгондо анын 14 жаштагы тун уулу Ахмед такка чыккан. 1603-1617-жылдары такта олтурган Ахмед I жыйырма сегиз жашында көз жумган.
16-кылымдын экинчи жарымы менен 17-кылымдын башында Осмон дөөлөтүн башкарган Мурат III, Мехмед III жана Ахмед Iнин доорлорунда падышалардын энелери, аялдары, кызматчылары жана сарайдагы башка таасирдүү кишилер бийлик жүргүзүп калган. Осмон падышалары армиянын башында туруп жортуулдарга чыккан аскербашчы эмес, сарайдан чыкпаган, мамлекеттин жана элдин абалын жакшы билбеген кишилерге айланышкан.
16-кылымдын экинчи жарымы менен 17-кылымдын башында Осмон дөөлөтүнүн башка мамлекеттер менен согуштары жыйынтыкталбай узагандыктан мамлекеттин армиясы дагы акырындап бузула баштаган. Согуш үчүн катардагы адамдар армияга алынып, армиянын мурдагы тартиби жана салты эрозияга учураган. Кыскача айтканда, согуштардын узашы, уламалардын өз ишин начар аткарышы, дыйкандардын мамлекетке каршы көтөрүлүш чыгара башташы сымал маселелер мамлекеттин каржы жагына залакасын тийгизип, акчанын кунун кетирген. Бул нерселер Осмон дөөлөтүндө экономикалык чоң кризистердин башталышына себеп болгон.

Кадырлуу китепкөйлөр, «Осмон дөөлөтүнүн тарыхы» китебинин 3-томунун 1-бөлүгүндө 17-кылымдын башынан 18-кылымга чейинки мезгилде аралыгында такка чыккан Осмон падышалары тууралуу да маалымат берилген. Китепте Осмон дөөлөтү катышкан 17-кылымдагы согуштар кенен чагылдырылган:
Султан Ахмед I көз жумган мезгилден «Карлофча» тынчтык келишимине кол коюлган 1699-жылга чейин Осмон тагына сегиз падыша чыккан. Бул падышалардын ысымдарын атай кетсек, Мустафа I, Осмон II, Мурат IV, Ибрахим, Мехмед IV, Сулайман II, Ахмед II жана Мустафа II. Булардын кээ бирлери аябай эле жаш кезинде такка отурушкан. Мисалы, Осмон II он төрт жашында, Мурад IV он бир жарым жашында, Мехмед IV жети жашында такка чыккан. Жаш канзаадалар бийликке келип, бирок алардын ордуна мамлекетти энелеринин жана сарайдагы башка кишилердин башкарышы калктын Осмон падышаларына болгон урмат-сыйын азайткан. Мүнөзү, ден-соолугу, жаш курагы сымал факторлордон улам падышалардын бийликти өз колдоруна ала албашы, вазирлердин жеке кызыкчылыктарын алдыңкы планга чыгарышы мамлекет үчүн аябай чоң көйгөйлөрдү жараткан. Кыскасы, 17-кылымда Осмон дөөлөтүнүн башкаруу, аскердик жана укуктук системасы ичтен кыйрай баштаган.
Осмон дөөлөтү 1683-1699-жылдар аралыгында алгач үч, кийинчерээк төрт мамлекет менен бир убакта согушкан. Австрия, Польша, Венеция жана Россия менен жүргүзүлгөн бул согуштар Осмон дөөлөтүнүн каржы жана башка системаларына чоң зыянын тийгизген. Осмон дөөлөтү 1699-жылы Карлофча жергесинде Австрия, Польша жана Венеция менен тынчтык келишимин түзгөн. Россия менен тынчтык келишимине 1700-жылы Стамбулда кол коюлган. Осмон дөөлөтү «Карлофча» тынчтык келишимин түзүү менен Венгрия, Эрдел, Подолия, Украина, Мора сыяктуу кең аймактарынан, Босния жана айланасындагы маанилүү жерлеринен кол жууп калган. «Карлофча» келишими Осмон дөөлөтүнүн аскерий күчүнүн начарлагандыгын тастыктаган жана Осмон дөөлөтүнүн көп кылымдык душмандарын коркуткан, легендага айланган «түрк кудуретин» жок кылган.
Кадырлуу китепкөйлөр, Исмаил Хаккы Узунчаршылынын «Осмон дөөлөтүнүн тарыхы» китебинин 3-томун Осмон дөөлөтүнүн 16-кылымдын экинчи жарымынан 18-кылымга чейинки тарыхына кызыккандар пайдаланышса болот.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар