Китептер баяны-2

«Даңазалуу түрк Кануни менен 46 жыл» китеби.

328123
Китептер баяны-2

Кадырлуу китеп күйөрмандары, европалыктар «даңазалуу» деп, осмон түрктөрү болсо «кануни» деп атаган Султан Сулаймандын өмүр баяны дүйнөдөгү көптөгөн адамдардын кызыгуусун жаратып келүүдө. Анткени Султан Сулайман Осмон цивилизациясынын «алтын доорун» түзгөн улуу түрк өкүмдары болуп саналат. Анын өкүмдардык доорунда Осмон түрктөрү Азия, Европа жана Африкадагы жерлерди багындырып, өз территориясын кеңейткен.
Түркияда Султан Сулаймандын өмүр баяны боюнча бир нече китеп жазылган. Бул китептердин эң мыктыларынын бири катары «Даңазалуу түрк Кануни менен 46 жыл» аттуу китепти айтсак болот. Китеп түркиялык илимпоз Яшар Южелдин калемине таандык. Яшар Южелдин бул китебинин биринчи нускасы Түрк тарых коому тарабынан 1987-жылы басылып чыгарылган. Түрк тарых коому 1991-жылы китептин экинчи басылышын, ал эми 2014-жылы үчүнчү басылышын окурмандарга тартуулады.
«Даңазалуу түрк Кануни менен 46 жыл» китеби 128 беттен турат. Китептин аягында Сулаймандын саясий жана согуштук иш-чараларын чагылдырган миниатюра жана карта коюлган 30 барактык тиркемеси да бар.

Яшар Южел «Даңазалуу түрк Кануни менен 46 жыл» аттуу китебин Султан Сулаймандын канзаадалык мезгилин жана такка чыгыш таржымалын баяндоо менен баштайт.
Кануни Султан Сулайман Осмон падышаларынын онунчусу болуп саналат. Сулайман 1495-жылы жарык дүйнөгө келген. Явуз Султан Селим менен Хафза Султандын уулу болот. Балалык чагы боюнча маалымат жок. Кефе санжагынын акими болуп шайланганга чейин атасынын жанында мугалими Хайреттин эфендиден мыкты таалим тарбия алгандыгы тууралуу маалыматтар бар. Сулайман 1509-жылдан 1512-жылга чейин Кефенин акими катары кызмат кылган. Атасы Явуз Султан Селим 1512-жылы такка чыгып, бир туугандары Ахмет жана Коркут менен күрөшкөн. Сулайман ошол жылдары Стамбулда атасынын ордуна убактылуу мамлекетти башкарып турган. Явуз Селим бир тууганы Коркутту өлтүргөндөн кийин, уулу Сулаймандын карамагына Маниса аймагын берген. Сулайман Манисага апасы Хафза Султан менен бирге кеткен.
Явуз Султан Селим 1514-жылы Иранга жоортуулга чыгаарда Сулайманды Стамбулга чакыртып, мамлекетти башкаруу милдетин убактылуу тапшырган. Кийинчерээк Египетке жортуулга чыкканда да, уулу Сулайманга Эдирненин коопсуздугун сактоо милдетин жүктөгөн. Атасы жоортулдан кайткандан кийин Сулайман Манисага кайтып келип, атасы каза болгонго чейин бул жерде жашаган. Явуз Султан Селим 1520-жылы «шир-пенче» аттуу оорудан каза тапкан. Фатих доорунан баштап Осмон империясында такка чыккан падышалар өзүнө атаандаш боло турган бир туугандарын өлтүрүүнү салтка айлантып алышкан эле. Сулаймандын атасы ар кыл себептерден улам бир туугандарын өлтүртүп койгондуктан, Сулайман такка атааңдашсыз чыккан. Сулайман падыша болгон кезде Осмон дөөлөтүнүн армиясы жана каржылык дарамети аябай күчтүү эле. Бул нерсе анын Осмон падышаларынын эң даңазалуусуна айланышына өбөлгө болгон десек жаңылышпайбыз.
Сулайман 46 жылдык падышалык доорун жоортуулдар, жаңы аймактарды империяга кошуу менен өткөрдү. Чыгыштагы Сафевилер менен батыштагы Алман императору Шарлкен анын эң чоң душмандары болушкан. Анын падышалык доорунда Азия, Европа жана Африкадагы жерлер багындырылып, Осмон дөөлөтүнүн территориясы абдан кеңейген.
Сулайман Азиянын узак аймактарына да жоортулдар жасаган. Султан Сулайман ошол кездеги мыкты деңизчилерди топтоп, мамлекеттин деңиз күчтөрүн чыңдаган. Анын доорунда Жер Ортолук Деңизин Осмон дөөлөтүнүн аскердик флоту көзөмөлдөп турган.
Яшар Южелдин «Даңазалуу түрк Кануни менен 46 жыл» аттуу китебинде Сулаймандын аскердик жортуулдары кенен баяндалган. Китепте Сулаймандын аялы Хүррем Султан, башкы вазири Ибрагим паша жана уулдары тууралуу да маалыматтар бар. Китептин аягында Султан Сулаймандын адамдык сапаттары боюнча да маанилүү маалыматтар берилген. Бул маалыматтарды сиздер менен бөлүшө кетели:
Султан Сулайман падыша болуп турган кезде эч качан күнөөсү жок кызматкерди ишинен бошоткон эмес. Кызматтан алган кишини да оңой менен кайра ал кызматка алып келген эмес. Адилеттүү башкарууга аябай маани берген. Бирөөнүн акысын жебегенге аракет кылган. Ушул сапаттарынан улам аны «кануни», башкача айтканда мыйзамды иштеткен киши деп аташкан. Султан Сулайман өзүнө каратып алган чоң шаарларга санжак статусун берип, ал жерлерди ошол жердин үрп-адатына ылайык келген мыйзамдар менен башкарган. Ошондуктан бардык санжактардын мыйзамдары бири-биринен айырмаланып турган.
Кануни Султан Сулаймандын доорунда Осмон дөөлөтүнө караган христиан мамлекеттердин элдеринин диний эркиндиги, мал-жанынын коопсуздугу мамлекет тарабынан корголгон. Алардын жасаган иштеринин эч бирине тыюу салынган эмес жана империянын карамагына кирген чыгыштагы жана батыштагы бардык шаарлар өсүп өнүккөн.
Сулайман бийликке келген жылдан баштап эле өз атын даңазалай турган нерселерди жасата баштаган. Стамбулдун жана башка чоң шаарлардын архитектурасына аябай маани берген. «Хасеки Султан» атындагы мечит комплекси сыяктуу көптөгөн кооз мечит комплекстерин салдырып, Стамбулдун көркүнө көрк кошкон. Сулаймандын эмгеги менен Стамбул батыш менен чыгыштын эң чоң шаарына жана түрк ренессансынын бешигине айланган. Суу жолдору, акведуктар, көпүрөлөр, кербен сарайлары салынган. Басып алынган жерлердеги мечитке айландырылган чиркөө жана монастырлар оңдоп түзөтүлгөн. Бүтүн бул иштердин башында болсо Мимар Синан турган. Санат, миниатюра, сүрөт жана керамика кол өнөрчүлүктөрү Сулаймандын падышачылык доорунда аябай өнүккөн. Бул доордо түрк сүрөт искусствосуна жол көрсөткөн сүрөтчүлөр чыккан. Бул сүрөтчүлөрдүн эң көрүнүктүүсү Матракчы Насух болгон.
Султан Сулайман акын да болгон. «Мухибби» деген жашыруун ат менен ырлар жазган. Акындар, тарыхчылар, санатчылар, теологдор жана башка илим адамдары ар дайым Сулаймандын кадырлуу коноктору болгон. Сулайман алардын чыгармачылыгы үчүн чоң суммада акчалай жардам берип турган.
Урматтуу китеп күйөрмандары, Яшар Южел «Даңазалуу түрк Кануни менен 46 жыл» китебинин алгы сөзүндө бул китебин окурмандардын калың катмарына Сулайманды жакындан таанытуу үчүн жазгандыгын баса белгилеген. Султан Сулаймандын өмүр таржымалына жана анын дооруна кызыккан китепкөйлөр жана адис-илимпоздор «Даңазалуу түрк Кануни менен 46 жыл» китебинен пайдаланышса болот.

Программаны даярдагандар Гүлдана Мырзакулова жана Абдрасул Исаков.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар