Түркия 117 өлкөгө үрөн экспорттоодо

Ибрахим Юмаклы борбор шаар Анкарада билдирүү жасады.

2141778
Түркия 117 өлкөгө үрөн экспорттоодо

Айыл чарба жана токой чарба министри Ибрахим Юмаклы Түркиянын 117 өлкөгө үрөн экспорттоп жатканын айтты.

Ибрахим Юмаклы борбор шаар Анкарада билдирүү жасады.

Түркиянын үрөн боюнча эч бир өлкөгө көз каранды эмес экенин маалымдаган айыл чарба жана токой чарба министри: «Биз колдонгон ар 100 үрөндүн 97си Түркияда өндүрүлөт. 1 миллион 300 миң тонналык өндүрүшүбүз бар. Түркия дүйнөдө үрөн өндүрүүчү өлкө катары литературага кирген абалда. 117 өлкөгө үрөн экспорттоп жатабыз»,-деди.

Өзгөчө маани берилген сугат долбоорлорун бүтүрүү үчүн катуу аракет кылып жаткандарын баса белгилеген министр Юмаклы, Түркияда акыркы мезгилде көп жамгыр жааганын жана жакшы түшүм күткөндөрүн айтты.



Тектеш кабарлар