Чыгыш Кара деңизден фундук экспорту

Сафет Калёнжу 2024-жылдын январь-апрель айларында аймактан 81 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга фундук сатылганын айтты.

2139933
Чыгыш Кара деңизден фундук экспорту

Чыгыш Кара деңизден жылдын биринчи 4 айында 478,8 миллион долларлык фундук экспорттолду.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин (DKİB) төрагасы Сафет Калёнжу, 2024-жылдын январь-апрель айларында аймактан 81 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга фундук сатылганын айтты.

Бул экспорттон 478 миллион 812 миң 362 долларлык киреше түшкөнүн маалымдаган Калёнжу: "Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде Чыгыш Кара деңизден 353 миллион 74 миң 717 долларлык фундук экспорттолду. Аймактан фундук экспорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36 пайызга өстү",-деди.

Калёнжу фундук эң көп сатылган 3 өлкөнүн Италия, Германия жана Польша экенин, бул мезгилде Италияга 123 миллион 292 миң 619 долларлык фундук экспорттолгондугун кабарлады.

Италиядан кийин 91 миллион 574 миң 516 доллар менен Германия жана 38 миллион 574 миң 893 доллар менен Польшанын турганын айтты.

Фундук экспортунда өлкөлөрдүн ар түрдүүлүгүнө көңүлдөрдү бурган Калёнжу бул мезгилде Алжир, Дубай, Венесуэла, Шри-Ланка, Сенегал, Маврикий жана Түркмөнстанга да фундук сатылганына басым жасады.



Тектеш кабарлар