Түркиянын бал экспорту 11,5 миллион долларга жетти

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар бирикмесинин башкаруу кеңешинин төрагасы Сафет Калйонжу Түркиядан 4 айда 40 өлкөгө, автономдуу жана эркин аймактарга бал сатылганын айтты.

2138520
Түркиянын бал экспорту 11,5 миллион долларга жетти

Түркиядан январь-апрель айларында бал экспорту 11 миллион 477 миң 245 долларга жетти.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар бирикмесинин башкаруу кеңешинин төрагасы Сафет Калйонжу Түркиядан 4 айда 40 өлкөгө, автономдуу жана эркин аймактарга бал сатылганын айтты.

Калйонжу айтылган мезгилде 3 миң 7 тонна балдын экспортунан 11 миллион 477 миң 245 доллар киреше алынганын белгилеп: «Эң көп экспорт кылган үч өлкө АКШ, Германия жана Испания болду. АКШга 3 миллион 963 миң 636 доллар, Германияга 3 миллион 126 миң 576 доллар, Испанияга 608 миң 580 долларлык бал экспорттолду»,-деди.

Бал экспортунда өлкөлөрдүн ар түрдүүлүгүнө көңүл бурган Калйонжу балдын өткөн жылдын ушул эле мезгилинен айырмаланып, бул мезгилде Словения, Филиппин, Чехия, Франция, Албания, Непал, Швейцария жана Мароккого сатылганын айтты.



Тектеш кабарлар