Түркиянын экспорту январь - апрель айларында өстү

Түркиянын апрель айында эле экспорт кирешеси өткөн жылдын ушул  айына салыштырмалуу 0,1 пайыз өсүп 19 миллиард 271 миллион долларга жетти.

2136388
Түркиянын экспорту  январь - апрель айларында өстү

Түркиянын 54 шаарынын экспорту январь - апрель айларында  өстү.

Түркиянын апрель айында эле экспорт кирешеси өткөн жылдын ушул  айына салыштырмалуу 0,1 пайыз өсүп 19 миллиард 271 миллион долларга жетти.

Январь - апрель айларында экспорт 2,7 пайызга өсүү менен 82 миллиард 873 миллион долларды түздү.

Бул мезгилде  17 облус 1 миллиард доллардан ашык экспортту ишке ашырды жана  54 облустун экспорту да өстү.

Стамбул апрель айында  4 миллиард 75 миллион долларлык экспорт менен биринчи орунду алды. 

2 миллиард 439 миллион долларлык экспорт менен Кожаели экинчи орунду алып, андан кийин 1 миллиард  843 миллион доллар менен Измир келди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар