Чыгыш Кара деңиз аймагынан экспорт өстү

Жылдын 4 айында Трабзондон 408 миллион 859 миң доллар, Ризеден 68 миллион 837 миң доллар, Артвинден 30 миллион 57 миң доллар жана Гүмүшханеден 17 миллион 747 миң долларлык экспорт жасалды.

2135796
Чыгыш Кара деңиз аймагынан экспорт өстү

Түркиянын Чыгыш Карадеңиз аймагынан 2024-жылдын январь-апрель мезгилиндеги экспорт кирешеси 525 миллион 500 миң долларга жетти.

Жылдын 4 айында Трабзондон 408 миллион 859 миң доллар, Ризеден 68 миллион 837 миң доллар, Артвинден 30 миллион 57 миң доллар жана Гүмүшханеден 17 миллион 747 миң долларлык экспорт жасалды.

Эң көп экспорт кылган секторлордун башында 258 миллион 101 миң 314 доллар менен фундук турат.

Экинчи орунду 66 миллион 915 миң 766 доллар менен суу азыктары, үчүнчү орунду 64 миллион 336 миң 34 доллар менен жашылча мөмө-жемиштер, төртүнчү орунду 53 миллион 259 миң 924 доллар менен кен жана металлдар, бешинчи орунду 12 миллион 838 миң 498 доллар менен транспорттук унаалар жана көмөкчү өнөр жай ээледи.

Жылдын 4 айында Чыгыш Карадеңиз аймагынан 120 өлкөгө экспорт жасалды.

Эң көп экспорт кылынган 5 өлкөнүн катарына Италия, Орусия, Грузия, Германия жана Кытай кирди.



Тектеш кабарлар