Түрк чайынын экспорту

Түрк чайы өткөн жылы 120 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.

2087925
Түрк чайынын экспорту

Түркия 2023-жылы Бельгия баш болгон 120 өлкөгө чай сатуудан 25 миллион 388 миң 621 долларлык киреше тапты.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин маалыматына караганда, түрк чайы өткөн жылы 120 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.

Мурунку жылы 22 миллион 808 миң 351 доллар болгон түрк чайынын экспорт кирешеси 2023-жылы 11 пайызга өсүп 25 миллион 388 миң 621 долларга жетти.

Экспорту жыл сайын өскөн түрк чайына эң көп суроо-талап Бельгия, Улуу Британия жана Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ) келди.

Бельгияга өткөн жылы 8 миллион 189 миң 149 долларга түрк чайы сатылды. Бул өлкөгө чай экспортунан түшкөн киреше 4 миллион 168 миң 419 доллар болгон 2022-жылга салыштырмалуу 96 пайызга өстү.

Бельгиядан кийин 3 миллион 231 миң 926 доллар менен Улуу Британия, 2 миллион 780 миң 540 доллар менен АКШ турат.

Түркия мурунку жылдардан айырмаланып Польша, Словакия, Дубай, Бразилия, Антигуа жана Бермуд аралдары, Габон, Сан-Томе жана Принсипи, Уругвай, Португалия, Доминика, Доминикан Республикасы, Того, Латвия, Руанда жана Замбияга да чай сатты.



Тектеш кабарлар