96 өлкөгө 151 миллион долларлык мисте экспорту

Мисте көбүнчө Шанлыурфа жана Газиантепте өстүрүлөт.

2086911
96 өлкөгө 151 миллион долларлык мисте экспорту

Түркиядан 2023-жылы 96 өлкөгө мисте экспортунан 151 миллион 568 миң долларлык киреше түштү.

Десерттен тамакка чейин көптөгөн азыктарда колдонулган мисте көбүнчө Шанлыурфа жана Газиантепте өстүрүлөт.

Түштүк-Чыгыш Анадолу экспортчулар биримдигинин маалыматына караганда, 2022-жылы 179 миллион 695 миң долларлык мисте экспорттолду.

Өткөн жылы Германия, Италия, Ирак, Кыргызстан, Кытай, Тажикстан, Англия, Албания, Катар, Индия, Түркмөнстан, Швейцария, Испания, Польша, Мальта, Гана, Япония, Куба жана Румыния да арасында болгон 96 өлкөгө 10 миң 390 тонна мисте жөнөтүлүп, анын экспортунан 151 миллион 568 миң долларлык киреше түштү.

Түркия эң көп мисте экспорт кылган өлкөлөрдүн башында  Германия турат.

Түркия өткөн жылы Германияга 36 миллион 9 миң долларлык мисте сатты.

Германиядан кийин 22 миллион 460 миң доллар менен Италия, 12 миллион 628 миң доллар менен Ирак бар.



Тектеш кабарлар