Түркия Испанияга жасаган экспортунда рекордго жетти
Түркия Испанияга 8 миллиард 548 миллион 883 долларлык экспорт жасап бардык мезгилдердин эң жогорку санына жетти.
Түркия Испанияга январь - ноябрь айларында жасаган 8 миллиард 548 миллион 883 доллар менен бардык мезгилдердин рекордуна жетишти.
Түркия экспортчулар ассамблеясынын маалыматына караганда Түркиянын экспорту жылдын 11 айында 2022 - жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 0,7 пайыз өсүп 232 миллиард 915 миллион 365 миң долларга жетти.
Түркия бул мезгилде Испанияга 8 миллиард 548 миллион 883 долларлык экспорт жасап бардык мезгилдердин эң жогорку санына жетти.
Испания ушундайча эң көп экспорт жасалган 8 - өлкө болуп катталды.
Январь - ноябрь мезгилинде Түркиянын эң көп экспорт кылган өлөкөлөр 16 миллиард 991 миллион 242 миң доллар менен Германия, 11 миллиард 219 миллион 109 миң доллар менен АКШ, 10 миллиард 405 миллион 930 миң доллар менен Британия, 10 миллиард 242 миллион 301 миң доллар менен Италия, 8 миллиард 863 миллион 843 миң доллар менен Франция, 8 миллиард 741 миллион 718 миң доллар менен Ирак, 8 миллиард 640 миллион 330 миң доллар менен Россия Федерациясы болду.
Испанияга эң көп экспортту 2 миллиард 195 миллион 262 миң доллар менен автоунаа өнөр жайы жасады.
Тектеш кабарлар
Жон Леннондун гитарасы 2,9 миллион долларга сатылды
Билдирүүдө гитаранын рекорддук баада 2 миллион 857 миң долларга сатылганы айтылды.