Түркиянын экспорту октябрь айында өстү

Түркия Статистика мекемеси жана Соода министрлиги менен биргеликте даярдалган октябрь айынын болжолдуу тышкы соода маалыматтары жарыяланды.

2070314
Түркиянын экспорту октябрь айында өстү

Түркиянын экспорту октябрь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 7,4 пайызга өсүп 22 миллиард 871 миллион долларга жетти.

Түркия Статистика мекемеси жана Соода министрлиги менен биргеликте даярдалган октябрь айынын болжолдуу тышкы соода маалыматтары жарыяланды.

Буга ылайык 2023-жылдын октябрь айында экспорт өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 7,4 пайызга өсүп 22 миллиард 871 миллион долларга, импорт 0,6 пайызга өсүп 29 миллиард 390 миллион долларга жетти.

Жалпы соода системасына караганда 2023-жылдын январь-октябрь айларында экспорт өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0,2 пайызга өсүп 209 миллиард 904 миллион долларга, импорт 1,1 пайызга өсүп 303 миллиард 821 миллион долларга жетти. 

Германия октябрь айында экспортто биринчи орунду ээледи.  

Германияга экспорт 1 миллиард 763 миллион доллар болсо, бул өлкөдөн кийин 1 миллиард 322 миллион доллар менен Ирак, 1 миллиард 254 миллион доллар менен Америка Кошмо Штаттары, 1 миллиард 115 миллион доллар менен Бириккен Араб Эмирликтери, 1 миллиард 110 миллион доллар менен Италия турат. Алдыңкы 5 өлкөгө экспорт жалпы экспорттун 28,7 пайызын түздү.



Тектеш кабарлар