Түркиянын булгур экспорту

Булгурдун дүйнөгө таанытылуусу үчүн керектүү аракеттер жасалат.

2039337
Түркиянын булгур экспорту

Түркиядан 8 айда 85 миллион 386 миң долларлык булгур экспорттолду.

Түштүк-Чыгыш Анадолу дан өсүмдүктөрү, буурчак, май өсүмдүктөрү жана азыктарын экспорттоочулар бирикмесинин төрагасы Желал Кадооглу, Булгур өнөр жайчылар коомунун төрагасы Бекир Сыткы Дайыоглу жана сектор өкүлдөрү жолугушту.

Кадооглу бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Анадолунун берекелүү жерлеринде өстүрүлгөн буудайдан чоң аракеттердин натыйжасында алынган булгурдун дүйнөгө таанытылуусу үчүн керектүү аракеттердин ишке ашырылаарын айтты.

Түркияда жылына 1 миллион 200 миң тоннадан ашык булгур өндүрүлгөнүн белгилеген Кадооглу: «Булгур өндүрүшүбүздүн болжол менен 250 миң тоннасы экспорттолот. Январь-август айларында өлкө боюнча 85 миллион 386 миң долларлык булгур экспорттолуп, анын 39 миллион 939 миң доллары облусубуздагы ишканалар тарабынан жасалды. Булгур көбүнчө Жакынкы Чыгышка экспорттолот. Булгур экспортунда Ирак биринчи орунду турса, Орусия экинчи, Сирия үчүнчү орунда»,-деди.


Этикеткалар: #Булгурдун дүйнөгө

Тектеш кабарлар