Түркиянын БАЭге экспорту жылдын биринчи 7 айында 2,5 миллиард долларга жетти
Түркия менен БАЭнин ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар акыркы 2 жылда жаңы соода жана экономикалык кызматташтык менен ылдамдыгын улантууда.
Түркиянын Бириккен Араб Эмирликтерине (БАЭ) экспорту жылдын биринчи 7 айында 2,5 миллиард долларга жетти.
Түркия менен БАЭнин ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар акыркы 2 жылда жаңы соода жана экономикалык кызматташтык менен ылдамдыгын улантууда.
Түркиянын БАЭге экспорту быйылкы жылдын 7 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 30,9 пайыз өсүп 2 миллиард 460 миллион долларга жетти.
БАЭге эң көп экспортту зергерчилик тармагы жасады. Зергерчилик өнөр жайы жылдын 7 айында БАЭге 971 миллион 286 миң долларлык буюм экспорттоду.
Ушуну менен БАЭ Түркия эң көп экспорт кылган 13-өлкө катары жазылды.
Бул мезгилде Түркия 10 миллиард 932 миллион доллар менен Германияга, 6 миллиард 995 миллион доллар менен АКШга, 6 миллиард 607 миллион доллар менен Италияга, 6 миллиард 471 миллион доллар менен Улуу Британияга, 5 миллиард 720 миллион доллар менен Францияга эң көп экспорт жасады.