OECD Түркиянын өсүү болжолун жогорулатты

OECDнин «Июнь айындагы экономикалык болжол» отчету жарыяланды.

1996565
OECD Түркиянын өсүү болжолун жогорулатты

Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюму (OECD) Түрк экономикасынын өсүү күтүүсүн 2,8 пайыздан 3,6 пайызга көтөрдү.

OECDнин «Июнь айындагы экономикалык болжол» отчету жарыяланды.

Отчетто OECDнин 2023-2024-жылга карата экономикалык өсүш болжолу камтылды.

«Март 2023» отчетунда 2,6 пайыз деп жарыяланган 2023 глобалдык реалдуу экономикалык өсүү болжолу, акыркы отчетто инфляциянын төмөндөшү жана Кытайдын Ковид-19 чектөөлөрүн алып салышы менен 2,7 пайызга көтөрүлдү.

2024-жылга карата өсүү болжолу 2,9 пайыз деңгээлинде сакталды.

Түркиянын экономикасы үчүн быйыл март айында 2,8 пайыз деп жарыяланган өсүү болжолу бүгүн жарыяланган отчетто 3,6 пайызга көтөрүлдү.

Ички суроо-талаптын Түркиянын экономикалык өсүүсүнүн негизги кыймылдаткычы бойдон кала турганы белгиленди.

Түрк экономикасынын 2024-жылга карата өсүү болжолу да 3,7 пайыз болду.



Тектеш кабарлар