Дүйнөлүк банктын түрк экономикасына карата өсүү божомолу

Отчетто түрк экономикасынын быйыл 3,2 пайыз, келерки жылы 4,3 пайыз жана 2025-жылы 4,1 пайызга өсүүсү күтүлгөнү билдирилди.

1996149
Дүйнөлүк банктын түрк экономикасына карата өсүү божомолу

Дүйнөлүк банк түрк экономикасына карата өсүү күтүүсүн 3,2 пайызга көтөрдү.

Дүйнөлүк банк глобалдык экономикалык перспективалар боюнча отчетунун июнь айындагы санын жарыялады.

Отчетто түрк экономикасынын быйыл 3,2 пайыз, келерки жылы 4,3 пайыз жана 2025-жылы 4,1 пайызга өсүүсү күтүлгөнү билдирилди.

Дүйнөлүк банк январь айында жарыялаган божомолунда түрк экономикасынын 2023-жылы 2,7 пайыз, 2024-жылы 4 пайыз өсөөрүн маалымдаган.

Түркияда февраль айынын башында эки чоң жер титирөө болгону эске салынган отчетто, Түркиянын Европа жана Борбордук Азия аймагынын өсүшүнө олуттуу салым кошууну улантканы, экономикасынын 2023-жылдын биринчи чейрегинде туруктуулугун сактаганы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар