Түркиянын анчоус экспорту

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, жылдын биринчи 4 айында өлкөдөн 656 тонна анчоус экспорттолгондугун айтты.

1993630
Түркиянын анчоус экспорту

Түркиядан жылдын январь-апрель айларында 20 өлкөгө 3 миллион 880 миң 628 долларга анчоус сатылды.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, жылдын биринчи 4 айында өлкөдөн 656 тонна анчоус экспорттолгондугун айтты.

Бул экспорттон 3 миллион 880 миң 628 долларлык киреше түшкөнүн белгилеген Гүрдоган, анчоус сатылган 20 өлкөнүн арасында Франциянын биринчи орунда турганын билдирип: «Бул мезгилде Түркиядан Францияга 1 миллион 475 миң 294 долларга, Бельгияга 968 миң 258 долларга, АКШга 413 миң 635 долларга анчоус экспорттолду»,- деди.



Тектеш кабарлар