Түркиянын бал экспорту өстү

Түркиядан 40 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга бал сатылды.

1990846
Түркиянын бал экспорту өстү

Түрк балынан 4 айда 13,5 миллион долларлык киреше түштү.

Чыгыш Карадеңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, январь-апрель мезгилинде Түркиядан 40 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга бал сатылганын айтты.

Гүрдоган жогоруда айтылган мезгилде 4 миң 142 тонна бал экспортунан 13 миллион 468 миң 114 долларлык киреше алынганын билдирип: "Бул мезгилде эң көп экспорт кылынган 3 өлкө АКШ, Германия жана Израил болду. АКШга 5 миллион 256 миң 178 доллар, Германияга 2 миллион 110 миң 292 доллар жана Израилге 1 миллион 803 миң 82 долларлык бал экспорттолду",- деди.

Бал экспортунда өлкөлөрдүн ар түрдүүлүгүнө көңүл бурган Гүрдоган, өткөн жылдын тийиштүү мезгилинен айырмаланып Сауд Арабия, Ирландия, Хорватия, Румыния, Венесуэла, Кытай Эл Республикасы жана Камерунга бал сатылганын маалымдады.



Тектеш кабарлар