Майкл Жордандын бут кийими рекорддук баага сатылды

Жордандын бут кийиминин буга чейинки рекорддук баасы 1,47 миллион долларды түзгөн.

1973797
Майкл Жордандын бут кийими рекорддук баага сатылды

Дүйнөгө белгилүү баскетболчу Майкл Жордандын кроссовкалары аукциондо рекорддук баада 2,2 миллион долларга сатылды.

Sotheby's аукцион үйү 2 миллион доллардан 4 миллион долларга чейин сатууну болжолдогон кол тамгасы бар бут кийимдер Жордандын аукциондо сатылган эң кымбат буюмдарынын арасында болду.

Бут кийим 2,2 миллион долларга сатылды.

Жордандын бут кийиминин буга чейинки рекорддук баасы 1,47 миллион долларды түзгөн.

1998-жылы НБАнын финалында баскетболчунун кийген футболкасы өткөн жылы 10,1 миллион долларга сатылган.

Жалпысынан 6 НБА чемпиондугун, 2 Олимпиадалык алтын медалды жана башка көптөгөн сыйлыктарды утуп алган Майкл Жордан бардык убактагы эң мыкты спортчулардын бири болуп эсептелет.



Тектеш кабарлар