Январь  -  март айларында 5 миң 626 тонна түрк лососу экспорттолду

22 өлкөдө сатылган түрк лососуна  жарманке жана соода делегациясы программалары менен жаңы базарлардын каалгасы ачылат.

1971825
Январь  -  март айларында 5 миң 626 тонна түрк лососу экспорттолду

22 өлкөдө сатылган түрк лососуна  жарманке жана соода делегациясы программалары менен жаңы базарлардын каалгасы ачылат.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинен алынган маалыматка караганда жылдын январь  -  март айларында 5 миң 626 тонна түрк лососу экспорттолуп, 44 миллион 993 миң 815 доллар киреше алынды. 

Өлкө өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 3 миң 262 тонна түрк лососунун  экспортунан 25 миллион 479 миң 301 доллар киреше алган. Ушундайча продукциянын экспорту өткөн жылдын ушул эле  мезгилине салыштырмалуу сан жагынан 72 пайызга, нарк боюнча 77 пайызга өстү.

Аталган мезгилде түрк лососу Россия Федерациясы, Германия жана Вьетнамга сатылды. Россияга 3 849 тонна түрк лососу экспорттолуп, 27 миллион 260 миң 15 доллар киреше алынды.Россиядан кийин 11 миллион 376 миң 313 доллар менен Германия, 1 миллио 633 миң 419 доллар менен Вьетнам келди. 

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин Суу продукциялары сектору комитетинин төрагасы Исмаил Кобя экспортто өлкө түрдүүлүгүнүн күн сайын өсүп жаткандыгына көңүлдөрдү буруп, түрк лососунун таанытылышына көңүл бурушкандарын баса белгиледи. 

Кобя  ушунун негизинде 25 - 27 -  апрель күндөрү Барселонада өтө турган дүйнөнүн алдыңкы суу продукциялары жарманкесинде стенд ачып түрк лососун таанытышарын айтты.

Өзгөчө Кытай Эл Республикасы, АКШ жана Таиландда жарманкеге катышуу, соода делегациясы программасын уюштуруп өлкө түрдүүлүгүн көбөйтүүнү  пландашкандарын белгилеген Кобя максаттарында Европа Биримдиги базарынын да бар экендигин баса белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар