Түркиядан Түндүк Африкага экспорт

Түркиянын экспорту 2022-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 12,9 пайызга өсүп 254 миллиард 210 миллион долларга жетти.

1936540
Түркиядан Түндүк Африкага экспорт

Өткөн жылы Түркиянын Түндүк Африка өлкөлөрүнө экспорту 2021-жылга салыштырмалуу 5,1 пайызга өсүп 13 миллиард 148 миллион доллар болду.

Түркия экспортчулар ассамблеясынын маалыматына караганда Түркиянын экспорту 2022-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 12,9 пайызга өсүп 254 миллиард 210 миллион долларга жетти.

2022-жылы Мароккого 2 миллиард 968 миллион доллар, Алжирге 1 миллиард 914 миллион доллар, Туниске 1 миллиард 505 миллион доллар, Ливияга 2 миллиард 408 миллион доллар, Египетке 3 миллиард 928 миллион доллар, Суданга 423 миллион доллар болуп Түндүк Африка өлкөлөрүнө 13 миллиард доллардан ашык экспорт жасалды.

Өткөн айда болсо Египетке 348,9 миллион доллар, Мароккого 212,9 миллион доллар, Алжирге 183 миллион доллар, Ливияга 212,3 миллион доллар жана Суданга 47,9 миллион долларлык экспорт ишке ашты.

Өткөн жылы Алжирге эң көп экспортту 29,5 пайыздык өсүү жана 330,1 миллион доллар менен химиялык заттар сектору, Мароккого 21,1 пайыздык өсүү жана 633,4 миллион доллар менен болот өнөр жайы, Египетке 23 пайыздык өсүү жана 806,2 миллион доллар менен химиялык заттар сектору, Тунисте 6,5 пайыздык өсүү жана 250,4 миллион доллар менен болот өнөр жайы, Ливияда 45,6 пайыздык өсүү жана 365,1 миллион доллар менен дан, буурчак жана май өсүмдүктөр сектору, Суданга болсо 110,7 пайыздык өсүү жана 126,1 млн доллар менен дан, буурчак жана май өсүмдүктөрү сектору жасады.



Тектеш кабарлар