Түрк лососу Японияда таанытылат

Кара деңиздеги балык чарбаларында өстүрүлгөн түрк лососун таанытуу иш-чараларынын уланып жатканы белгиленди.

1936650
Түрк лососу Японияда таанытылат

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдиги (DKİB), 28-январь-4-февраль күндөрүнүн аралыгында Японияда өткөрүлө турган соода делегациясы программасы аркылуу түрк лососунун таанытылышы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

DKİBнын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Чыгыш Кара деңиз аймагынын маанилүү экспорттук өнүмдөрүнүн арасында орун алган жана Кара деңиздеги балык чарбаларында өстүрүлгөн түрк лососун таанытуу иш-чараларынын уланып жатканы белгиленди.

Ушул алкакта түрк лосось балыгы үчүн максаттуу рынок катары аныкталган Японияга 28-январь-4-февраль күндөрүндө сектордогу фирмалар менен соода делегациясы программасы өткөрүлө турганы билдирилип: «Япониянын Токио жана Осака шаарларында балык импорттоочу фирмалар менен эки тараптуу иш жолугушуулары өткөрүлөт. Программанын алкагында түрк лососунун таанытылышынын негизинде маанилүү байланыштардын түзүлүүсү күтүлүүдө»,- деп айтылды.

Түрк лосось балыгы тышкы рыноктордо чоң суроо-талапка ээ.

2022-жылы 363 миллион долларга 49 миң 215 тонна түрк лосось балыгы сатылып, мурунку жылга салыштырмалуу сан жагынан 111 пайыз, нарк жагынан 168 пайыздык өсүү болду.



Тектеш кабарлар