Диананын чынжырчасын Кардашьян сатып алды

Кардашьяндын "Атталла Крестти" үчүн 197 миң 453 доллар төлөгөндүгү белгилүү болду.

1935650
Диананын чынжырчасын Кардашьян сатып алды
diana kolye.jpg

Британиянын королу Чарльз IIIнүн биринчи жубайы принцесса Диананын "Атталла Крестти" чынжырчасын америкалык шоу-жылдыз Ким Кардашьян сатып алды.

Sotheby's аукцион үйү тарабынан "Royal & Noble" деп аталган аукциондо өзгөчө королдук буюмдар, ак сөөктөрдүн асыл таштары жана баалуу буюмдар сатыкка коюлду.

Кардашьяндын бул коллекцияда сатыкка коюлган Атталла Крестти үчүн 197 миң 453 доллар төлөгөндүгү белгилүү болду.

5,25 караттык бриллиант менен кооздолгон чынжырча, палестиналык британ бизнесмен Наим Аталла тарабынан зергер Гаррарддан сатып алынып Дианага белекке берилген.

Диана чынжырчаны айрым кайрымдуулук иш-чараларында тагынган.

Кардашьян буга чейин Елизабет Тейлор жана Жаклин Кеннеди Онассис сыяктуу белгилүү ысымдарга таандык зер буюмдарды сатып алган.



Тектеш кабарлар