Түркиянын мөмө жана жашылча-жемиш экспорту

Жер Ортолук деңиз жашылча-жемиш экспорттоочулар коомунун төрагасы Ферхат Гүрүз жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, сектордун ноябрь айындагы экспорттук сатууларына баа берди.

1916535
Түркиянын мөмө жана жашылча-жемиш экспорту

Түркия ноябрь айында 354,9 миллион долларлык мөмө жана жашылча-жемиш экспорттоду.

Жер Ортолук деңиз жашылча-жемиш экспорттоочулар коомунун төрагасы Ферхат Гүрүз жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, сектордун ноябрь айындагы экспорттук сатууларына баа берди.

Түркиянын жашылча-жемиш экспортунун ноябрь айында 354,9 миллион доллар болгонун белгилеген Гүрүз: «Жылдын 11 айында 565 миң 406 тонна продукцияны эл аралык рынокторго саткан секторубуз, эң жогорку экспорттук көрсөткүчкө мандарин, лимон жана жүзүмдө жетти. 109,3 миллион долларлык мандарин, 38 миллион долларлык лимон жана 28,9 миллион долларлык жүзүм экспорттодук»,-деди.

Гүрүз экспорттун басымдуу бөлүгүнүн аталган мезгилде Орусияга жасалгандыгын маалымдап: «Алдыңкы үч орунду Орусия, Украина жана Румыния ээледи. Орусияга 168,3 миллион доллар, Украинага 23,6 миллион доллар жана Румынияга 16,5 миллион долларлык экспорт жасадык. Аталган мезгилде экспорт көлөмүндө олуттуу өсүш катталган өлкөлөр Катар, Израиль жана Австрия болду. Түркия менен Сауд Арабиянын ортосунда оң багытта уланган эки тараптуу карым-катнаштардан улам жаралган нормалдашуу процессинде бул рыноктогу соодабызды да ай сайын күчтөндүрүүдөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар