Түркиядан 59 өлкөгө бал экспорттолду

Саффет Калёнжу, январь-ноябрь айларында өлкөдөн 15 миң 564 тонна бал экспорттолгондугун айтты.

1916131
Түркиядан 59 өлкөгө бал экспорттолду

Түркиядан 11 айда 59 өлкөгө 41 миллион 503 миң долларлык бал экспорттолду.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин Башкаруу кеңешинин төрагасы Саффет Калёнжу, январь-ноябрь айларында өлкөдөн 15 миң 564 тонна бал экспорттолгондугун айтты.

Белгиленген экспорттон 41 миллион 503 миң долларлык киреше түшкөнүн билдирген Калёнжу, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу экспорт көлөмү жагынан 92 пайызга, киреше жагынан 60 пайызга өскөнүн маадымдады. Былтыр 8 миң 120 тонна балдан 25 миллион 868 миң 225 долларлык киреше түшкөн.

Калёнжу эң көп бал сатылган 3 өлкөнүн Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Испания жана Германия экенин белгилеп, АКШга 15 миллион 990 миң доллар, Испанияга 6 миллион 672 миң доллар, Германияга 5 миллион 58 долларлык бал экспорттолгонун кабарлады.

Балдын экспортунда өлкөлөрдүн ар түрдүүлүгүнүн көбөйгөнүн маалымдаган Калёнжу, бул мезгилде Чыгыш Карадеңиз аймагынан 1 миллион 585 миң долларлык бал экспорттолгондугун, аймактын экспортунда АКШнын алдыңкы орунда экенин айтты.



Тектеш кабарлар