Шырнактагы мунай чалгындоо иштери

Министр Дөнмез бир телеканалда Шырнактагы мунай чалгындоо иштерине токтолду.

1915704
Шырнактагы мунай чалгындоо иштери

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, Шырнакта табылган мунай кенинин кургактыктагы ​​эң чоң ачылыштардын бири болушу мүмкүн экенин айтты.

Дөнмез менчик бир телеканалдын программасына катышып, Шырнактагы мунай чалгындоо иштери тууралуу малымат берди.

Аймакта болжол менен бир жылдан бери сейсмикалык изилдөөлөрдүн уланып жатканын билдирген Дөнмез, мурда коопсуздук себептеринен улам мунай чалгындоо иштеринин жүргүзүлө албаганын белгилеп: «Аскерлерибиз террордон тазаланган аймактарда эми сейсмикалык изилдөөлөрдү жана бургулоо иштерин аткардык»,- деди.

«Учурда Шырнактагы Габар тоосу жана айланасындагы төрт кудуктан күнүмдүк 1200-1300 баррелдин тегерегинде мунай өндүрүүбүз бар», деген Дөнмез: «Ал жактагы кудуктардын санын 10го же андан да көпкө жеткирүүнү максат кылып жатабыз»,-деп айтты.

Габар тоосунун башка аймагында жүргүзүлгөн сейсмикалык изилдөөлөрдүн да бүтүү алдында турганын белгилеген Дөнмез: «Бул жерде акыркы мезгилде жасалган эң чоң ачылыштардын бири болушу мүмкүн. Изилдөөлөр аяктаганда бул тууралуу да жарыялайбыз»,- деди.

Министр Дөнмез коруктун иштери аяктагандан кийин жылдын аягында же келерки жылдын башында билдирүү жасалышы мүмкүн экенине көңүл бурду.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри, Шырнакта мунай чалгындоо иштерин уланта тургандарын маалымдады.



Тектеш кабарлар